Кыргызстандын футбол боюнча кыз-келиндер курамасы, Непалдын Катманду шаарында өтө турган «Төрт улуттун кубогу» мелдешине катышат. Турнир 15-февралдан 27-февралга чейин өтөт.
Мелдешке биздин командадан тышкары Мьянма, Ливан жана Непалдын курама командалары бар. Биздин курама команда аталган турнирге 2026-жылкы Азия Кубогунун тандоо оюндарында ийгиликтүү даярдануу максатында катышат.
Турнирдин регламенти боюнча беттештер айлампа системасынын негизинде бир айлампада өтөт, ал эми биринчи жана экинчи орунду алган командалар кубок үчүн финалда кез келишет. Кыргыз Республикасынын кыз-келиндер курамасы башкы машыктыруучу Нематжан Закировдун жетекчилиги астында турнирге даярдык көрүү үчүн окуу-машыгуу жыйынын өткөрөт.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/