Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев 27-Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумуна катышты.

Өз сөзүндө А.Касымалиев Кыргызстан-Россия бизнес диалогунун алкагында эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүүнүн оң динамикасына токтолду. Ал белгилегендей, Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы соода жүгүртүүнүн орточо көлөмү акыркы жылдары 3 млрд.

«Албетте, бул көрсөткүчтөр Кыргызстан менен Россиянын соода-экономикалык кызматташтыгынын, анын ичинде аймактар аралык кызматташуунун натыйжасы. Биздин биргелешкен күч-аракетибиздин аркасында Кыргызстандын экономикасына түз россиялык инвестициянын көлөмү боюнча да оң динамика байкалууда», — деди Адылбек Касымалиев.
Жыйындын катышуучулары өз-өзүнчө соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын, кыргыз-орус аймактар аралык конференциясынын, Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун жана Кыргыз-орус ишкерлер кеңешинин натыйжалуу ишин белгилешти.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Россия Федерациясы менен бардык багыттар боюнча кызматташууну өнүктүрүүгө жана инновациялык долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендигин белгиледи. Соода-экономикалык мамилелерди тереңдетүү жана диверсификациялоодо эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн жана бизнесинин ролу өзүнчө белгиленди.
Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар «Кыргызстан-Россия» бизнес диалогу Россия менен Кыргызстандын ортосундагы көп кырдуу экономикалык кызматташтыкты динамикалуу өнүктүрүү жана чыңдоо маселелерин талкуулоо үчүн салттуу аянтчага айланып бара жаткандыгы тууралуу бир пикирге келишти.
Сүрөт: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий сайты