Акылбек Жапаров Бишкекте өткөн түрк дүйнөсүнүн ортопедия жана травматология конгрессине катышты — ИА Караван Инфо
Акылбек Жапаров Бишкекте өткөн түрк дүйнөсүнүн ортопедия жана травматология конгрессине катышты

Өткөн жумада Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Бишкекте өткөн Түрк дүйнөсүнүн ортопедия жана травматология конгрессине катышты.

Өз сөзүндө министрлер кабинетинин башчысы саламаттыкты сактоо тармагына мамлекет тарабынан артыкчылыктуу көңүл бурулуп жатканын белгиледи.  Саламаттыкты сактоо системасынын бюджети 2010-жылы 5 миллиард сом болсо, 2023-жылы 37,2 миллиард сомду түзөт. Быйыл 40 миллиард сомго жакын каражат бөлүнөрү күтүлүүдө. Өткөн жылы эле Кыргызстанда 20 жаңы оорукана курулган.

Мындан тышкары өлкөдө медицина кызматкерлеринин айлык акысын жогорулатуу процесси жүрүп жатат.

«Бүгүнкү күндө көптөгөн кыйынчылыктар менен бирге көптөгөн мүмкүнчүлүктөр да бар. Медицина дайыма өнүгүп жатат, ал эми травматология жана ортопедия да четте калбайт. Билим жана тажрыйба алмашуу — бул абдан маанилүү аспект.

Бул бир жагынан илимдин өнүгүшүнө, аны алдыга жылдыруусуна жардам берсе, экинчи жагынан иш жүзүндө кетирилген катачылыктарды жоюп, жаңы ыкмалардын, технологиялардын жардамы менен бийиктикке жетүүгө жардам берет.

Мындай конгресстер жана форумдар идеялар жана тажрыйба алмашуу үчүн эң сонун аянтча болуп саналат», — деди А.Жапаров.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Кыргызстанда 300дөн ашык дүйнөгө белгилүү окумуштуулардын башын бириктирген бул иш-чараны уюштурууда ортопед-травматолог, медицина илимдеринин доктору, профессор, академик, эмгек сиңирген дарыгер Сабырбек Жумабековдун салымын белгиледи.

Сүрөт: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий сайты

error: