Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси катышуучуларды Союздук келишимге кол коюлгандыгынын 10 жылдыгы менен куттуктады, анын аркасында бирдиктүү экономикалык мейкиндик түзүлгөнун баса белгиледи.
Кыргызстандын өкмөт башчысы интеграциялык бирикменин ишинин жыйынтыктарына токтолду.

«Евразиялык экономикалык биримдик прогрессивдүү, бирок ишенимдүү түрдө өнүгүүнүн туура жолу менен бара жатат. Муну Союздун органдарынын бардык децгээлдеринде жургузулуп жаткан кызуу иш далилдейт…
Биз жаңы чакырыктардын үстүндө талыкпай иштөөнү улантып жатабыз жана терс тышкы факторлорго карабастан, биргелешкен өнүгүү темпин басаңдатпайбыз. 2024-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча. Бардык өлкөлөрдө өнөр жай өндүрүшү жакшы динамикага ээ болду, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу Биримдик боюнча орточо өсүш 105,6 пайызды түздү. Алсак, жүргүнчүлөрдү жүгүртүүнүн өсүү темпи 109,5 пайызды, чекене товар жүгүртүү 110,3 пайызды түздү», — деди А.Жапаров.
Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жетишкендиктери жана негизги көрсөткүчтөрү тууралуу айтып жатып, өкмөт башчы мындай деп белгиледи: «Үстүбүздөгү жылдын январь-апрель айларында Кыргызстандын ИДПсынын реалдуу өсүү темпи 107,4 пайызды түздү жана инфляциялык процесстер басаңдады – керектөө бааларынын индекси 2023-жылдын декабрына карата 101,4 пайызды түздү. Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 2023-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу дээрлик 30 пайызга өстү”.

А.Жапаров Евразиялык экономикалык биримдиктин өлкөлөрүнүн өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү зарылдыгына өзүнчө токтолду.
«Тышкы соода чөйрөсүнүн түзүлүп жаткан шарттарына таянуу менен биздин өндүрүүчүлөрдүн ортосундагы өнөр жай кооперациясын колдоо боюнча чараларды күчөтүү жана Биримдиктин алкагындагы тоскоолдуктарды жоюу аркылуу ата мекендик өндүрүштү жана керектөөнү стимулдаштыруу биздин приоритетибиз болушу керек», — деп баса белгиледи Акылбек Жапаров.
Сүрөт: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий сайты