Араб кызматташтык кеңешинин жана Борбордук Азиянын инвестициялык форумунда Кыргызстандын тоо-кен тармагына инвестиция тартуу маселеси талкууланды — ИА Караван Инфо
Араб кызматташтык кеңешинин жана Борбордук Азиянын инвестициялык форумунда Кыргызстандын тоо-кен тармагына инвестиция тартуу маселеси талкууланды

Май айынын аягында Эр-Рияд шаарында (Сауд Аравия Королдугу) Араб Кызматташтык Кеңешинин жана Борбордук Азиянын инвестициялык форуму болуп өттү. Форумга Кыргызстандын экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов катышты. Ал «Тоо-кен жана металлургия» тематикалык сессиясында чыгып сүйлөдү.

С.Болотов өз сөзүндө Республиканын тоо-кен тармагын өнүктүрүү, алтын өндүрүүнү көбөйтүү, алдыңкы технологияларды киргизүү жана өлкөдө жөнгө салуу реформаларын жүргүзүү жөнүндө айтып берди.

Министрдин орун басары Кыргызстандын биргелешкен ишканаларды түзүүгө даярдыгын белгилеп, тоо-кен тармагындагы инвесторлорду кызматташууга чакырды. Санжар Болотов иш-чаранын катышуучуларын 2024-жылдын 19-20-июнунда Бишкек шаарында өтө турган MINEX Central Asia тоо-геологиялык форумуна катышууга чакырды.

Мындан тышкары С.Болотов Сауд Аравия Королдугунун Инвестициялар министрлигинин жана Энергетика министрлигинин өкүлдөрү менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Катышуучулар эки өлкөнүн кызматташуусунун келечектүү багыттарын жана өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынын өткөрүү маселесин талкуулашты.

Сүрөттө: Кыргыз Республикасынын Экономика жана соода министрлиги

error: