Азирети Муфтий аймактык казылардын жарым жылдык отчётун укту — ИА Караван Инфо
Азирети Муфтий аймактык казылардын жарым жылдык отчётун укту

«Ушул кезге чейин дин жолунда кызмат кылып келесиздер. Алла Таала ыраазы болуп, кызматыңыздарды кабыл кылсын. Азыркы өзгөрүп бара жаткан дүйнөнүн шартында мурдагыдан да көбүрөөк эмгектенип, Алла Тааланын ак динин туура нукта жеткиришибиз керек. Муну учур шарттап жатат. Аймактарда жүргүзүлүп жаткан диний иш-аракеттер боюнча толук кабарыбыз бар. Мындан ары формалдуулукту биротоло таштап, конкреттүү түрдө иш алып барышыбыз кажет. Алла Таала бизди эң жоопкерчиликтүү орундарга ылайык көрдүбү, демек кызматтын акысын беришибиз зарыл», – деди Азирети Муфтий.

КМДБ жетекчиси АК тарабынан жолдонгон протоколдук тапшырмаларды аткаруу алкагында жасалган иштер боюнча казылардан маалымат алып, ЖМК менен тыгыз иш алып баруу, иш-чараны сапаттуу чагылдыруу, визуалдык үгүт-насаатка басым жасоо боюнча айтып, бул жааттагы ишмердиги начар казыларга эскертүү берип өттү.

«Азыр маалыматтык доор. Дүйнө алканыбызда. Андыктан муфтиятыбыздын маалыматтык агартуу саясатына жигердүү катышып, сапаттуу жана креативдүү иш-чараларды өткөрүп, пресс-катчыларыбызга жолдоңуздар. Балким натыйжасыз чогулуштар, пайдасыз жолугушуулардан качып, өздүк иш-чараларга басым жасайлы. Биздин ишибизди көрүп, сөзүбүздү угуп, пикирибизди окуп, балким кээ бир замандаштар исламга келип калар», – деп кошумчалады Азирети Муфтий.

error: