Баходир Сидиков Өзбекстандын Жеңил атлетика федерациясына жаңы жетекчи болду — ИА Караван Инфо
Баходир Сидиков Өзбекстандын Жеңил атлетика федерациясына жаңы жетекчи болду

Өткөн жумада отчёттук-шайлоо конференциясында Өзбекстандын Жеңил атлетика федерациясынын жаңы төрагасы болуп «Өзбекнефтегаз» ишканасынын жетекчиси Баходир Сидиков шайланды. Буга чейин федерацияны жетектеп келген Мехриддин Абдуллаевдин отставкасы канааттандырылгандан кийин бул кызматка Б.Сидиковдун талапкерлиги сунушталган.

Өз сөзүндө Жеңил атлетика федерациясынын жаңы жетекчиси Өзбекстан курама командасын 2024-жылы Парижде өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына ийгиликтүү даярдоо үчүн бардык күч-аракетин жумшоого убада кылды. Конференциянын бардык катышуучулары бул тандоону бир добуштан колдоп, өлкөнүн жеңил атлетикасын өнүктүрүү үчүн жаңы жетекчинин мүмкүнчүлүктөрүнө ишене тургандыгын билдиришти. Ошондой эле улуттук курама команданын алдыдагы мелдештерге даярдыгы талкууланып, тиешелүү баяндама жасалды.

Сүрөт: Улуттук олимпиада комитетинин басма сөз кызматы

error: