Баткен облусунун Лейлек районундагы Арка-2 айылында турмуш-тиричилик мүнөзүндөгү жарылуу болгон. Окуя 2025-жылдын 5-январында катталган.
Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, бул факты Лейлек РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, окуя болгон жерге инженердик сапердук топ чакырылып, курчоого алынган.
«Ошол эле үйдүн тургуну 39 жаштагы А.К. өзүнүн берген көрсөтмөсүндө аталган белгисиз жардырылуучу зат 2022-жылдын 16-сентябрында Тажикстандын агрессивдүү кол салуусунан улам калган болушу мүмкүн экендигин билдирген», — деп айтылат маалыматта.
Учурда жогорудагы жагдай боюнча тийиштүү материалдар чогултулуп, экспертизалар дайындалып, алгачкы текшерүүлөр башталды.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/