БУУнун Коопсуздук кеңешинин жаңы туруктуу эмес мүчөлөрү жарыяланды
6-июнда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын жыйынында 2025-жылдан 2026-жылга чейинки мөөнөткө Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлөрү. Пакистан, Сомали, Панама, Дания жана Греция шайланды.

«Дания, Греция, Пакистан, Панама жана Сомали 2025-жылдын 1-январынан баштап эки жылдык мөөнөткө Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү болуп шайланышат», — деди БУУнун Башкы Ассамблеясынын төрагасы Деннис Фрэнсис.
Добуш берүү адаттагыдай эле жашыруун өткөрүлдү. Ийгиликтүү жеңүү үчүн БУУнун Башкы ассамблеясынын делегаттарынын кеминде 2/3 добушун алуу керек болчу.