Евразия өнүктүрүү банкы (ЕӨБ) Тору-Айгыр айылында күн электр станциясын курууну каржылоо боюнча келишимге кол койгонун уюм билдирди.
Күн энергиясын фотоэлектрдик конвертациялоо менен иштеген жаңы станциянын орнотулган кубаттуулугу 300 МВтка чейин болот жана 2025-жылдын аягына чейин ишке кириши керек. Келишимге ЕӨБ «Бишкек Солар» компаниясы менен өнөктөштүктө кол койгон.

Долбоор бир нече негизги келишимдерди камтыйт:
- «НЭС Кыргызстан» ААК менен 25 жылга бардык электр энергиясын сатып алуу келишими.
- Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуу.
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен 25 жылдык мөөнөткө долбоорду ишке ашыруу боюнча инвестициялык макулдашуу.
Долбоорду ишке ашыруу үчүн ЕӨБ 15 жылдык мөөнөткө 210 миллион долларга чейин узак мөөнөттүү каржылоо шарттарын иштеп чыгууда.
«Бул долбоор Кыргыз Республикасында энергиянын кайра жаралуучу булактарын, атап айтканда, күн энергиясын өнүктүрүүнүн ачкычы болуп саналат. Бул энергетикалык коопсуздукту жана стабилдүүлүктү жакшыртууга, ошондой эле Туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүүгө салым кошот. ТЭЦ эл аралык экологиялык жана техникалык стандарттарга толугу менен жооп берет”, — деди ЕӨБнын улук башкаруучу директору Денис Ильин.
Жаңы объект аймактын экономикалык өнүгүүсүнө чоң салым кошуп, жаңы жумуш орундарын түзүп, Кыргызстандын таза энергетикасына карай маанилүү кадам болот деп күтүлүүдө.