Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Европа инвестициялык банкынын (ЕИБ) башкаруучу директорунун милдетин аткаруучу Маркус Берндт менен жолугушту.
Камбар-Ата ГЭС-1дин курулушуна банктын катышуусу талкууланды.
А.Жапаров белгилегендей, ЕИБ Кыргызстандын негизги финансылык өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат.

Маркус Берндт ЕИБ бул долбоорду каржылоого кызыкдар экенин белгилеп, инвестициялык планды иштеп чыгуу үчүн аны изилдөөгө кирише турган банктын негизги өкүлдөрүн аныктады.
Камбар-Ата ГЭС-1дин курулуш долбоорун каржылоого Европа инвестициялык банкынан тышкары Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы жана Азия инфраструктуралык инвестициялык банкы да даяр экендиктерин билдиришти.