Гүлшана Сатарова: “Париж олимпиадасына жол жабылды, бирок мен багынбайм” — ИА Караван Инфо
Гүлшана Сатарова: “Париж олимпиадасына жол жабылды, бирок мен багынбайм”

Кыргызстандык жөө күлүк Гүлшана Сатарова Париждеги Олимпиада оюндарына катыша албай калганына абдан кейиди.

Жакында Эл аралык жеңил атлетика федерациясы World Athletics жеңил атлетика боюнча Парижде боло турган оюндарда марафонго катышуучулардын акыркы тизмесин жарыялады. Тилекке каршы, бул тизмеге Кыргызстандан эки гана марафончу кирди – алар квота алган Сардана Трофимова менен Илья Тяпкин.

«Көптөр менин Олимпиадага катышууга мүмкүнчүлүк аламбы деп күмөн санашат? Тилекке каршы, андай болгон жок. Колумдан келгендин баарын жасадым, бирок лицензия ала албадым. Азыр мага кыйын,  анткени мен  ал жөнүндө коп  ойлонуп жатам,   бирок өзүмдү алаксытууга аракет кылам. Бул этапта болбосом, кийинкисине даярданам деп чечтим. Менде 4 жылым бар. Мен багынбайм, бир аз тыныгуу алып, сакайып, жаңы күч менен келем. Спорт мени коё бербейт, алдыда көптөгөн ийгиликтер бар», — деп жазды быйыл марафондордо жакшы жыйынтык көрсөткөн спортчу.

2024-жылы Гүлшана Сатарова эки марафонду — Гонконгдо (2 саат 36 мүнөт 31 секунд) жана Голландияда (2 саат 33 мүнөт 39 секунд) чуркап өткөн. Аялдар үчүн олимпиадалык стандарт 2 саат 26 мүнөт 50 секунд.

error: