ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына 7 жаңы автоунаа тапшырылды — ИА Караван Инфо
ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына 7 жаңы автоунаа тапшырылды

Иш-чарага ички иштер министри милициянын генерал — лейтенанты Улан Ниязбеков, Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин ыйгарым укуктуу элчиси Сергей Вакунов, министрдин орун басарлары, башкы башкармалыктардын, борбордук аппараттын башкармалыктарынын начальниктери катышты.

Ички иштер министрлиги жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн бардык аракеттерди көрүүдө. Андыктан, ар бир жетекчи Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын так сакталышын камсыздап, жер-жерлерде сапаттуу иштерди уюштурууга, эң негизгиси элдин милицияга болгон ишенимин арттырууга милдеттүү экенин белгилейбиз. 

Эскерте кетсек, бүгүнкү күндө бул Программанын алкагында россиялык тарап БМЖКККга 15 миллион сомдон ашык суммага унаа жана техника түрүндөгү кезектеги жардамды өткөрүп берди. Ушул эле жылдын январь айында БМЖКККга 60 миллион сомдук 28 даана автомашиналардын биринчи партиясы берилген.

error: