Интерпол менен биргеликте уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды – ИА Караван Инфо
Интерпол менен биргеликте уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Кыргыз Республикасынын ИИМи эл аралык кылмыштуулукка каршы күрөшүү, башка өлкөлөрдүн укук коргоо органдары менен кызматташтыкты бекемдөө жана ыкчам маалымат алмашуу боюнча активдүү иштерди жүргүзүүдө. Дүйнөлүк Интерпол маалымат базалары менен интеграциялоо жана чет өлкөлөрдөгү өнөктөштөр менен координациялоо аркылуу, чек ара мүнөздөгү кылмыштардын бети ийгиликтүү ачылып, жарандар изделүүдө. 

Кыргызстан менен Египеттин ИИМдин Интерпол Улуттук борбордук бюросунун кызматкерлери жүргүзгөн биргелешкен ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Каирде “Казак”каймана аты менен белгилүү 1981-жылы туулган М.У. кармалды. Ал КРнын ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун (Джанго) мүчөсү катары турат.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинде каралган (алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган зордуктоо) кылмышка шектелип, Ош облусунун ИИБгы тарабынан изделип жаткан.

2023-жылдын июнь айында Ошто М.У. жана анын шериктери алдамчылык жолу менен 1998-жылы туулган С. А. аттуу жабырлануучуну белгисиз автомашинага салып, шаардагы мейманканалардын бирине алып келишкен. Мейманканага кирип, аталган адамдар физикалык күч колдонуп, кызды зордукташкан.

Кылмыштын оордугуна карабастан, сот шектүүгө карата үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандаган. Андан кийин М.А. белгисиз тарапка изин жашырып, Интерпол аркылуу эл аралык издөөгө алынган. Кармалган жаран Кыргызстандын түштүгүндө дагы бир катар кылмыштарды жасаган деп шектелүүдө.

Мындан тышкары, Грузияда К.А кармалган, ага карата Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук комитетинин Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө жасалган салык салуу объекттерин жашыруу жолу менен салык төлөөдөн качуу фактысы, ошондой эле кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.  Ошондой эле кылмышка шектүү катары А.Р. жана А. Н. дагы шектелүүдө.

Учурда Кыргыз Республикасынын тиешелүү органдары тарабынан кармалгандарды экстрадициялоо маселеси каралууда.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: