Энергетика министри Таалайбек Ибраев жана биринчи орун басары К.Өмүрбеков “Камбар-Ата-1” ГЭСинин туннели толук казылып бүткөндүктөн, ачылыш аземине катышты. Туннелдин бургулоо-жаргылоо жумуштары 2023-жылдын апрель айында башталган. Бүгүнкү күндө толугу менен ийгиликтүү казылып бүттү.
Ал эми энергетика министринин орун басары Н.Керимов Ош облусундагы «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын “Загара-2” көмүр кенинин ачылыш азменине катышты.
Ачылышы болгон өнөр жай ишканасынын тизмесин төмөнкүлөр толуктайт:
2. Кыргызстан УЭТ” ААКтын филиалы — Жалал-Абад электр тармактар ишкансына караштуу Сузак энергия сатуу ишканасынын жаңы административдик имараты жаныланды. Курулушка “КУЭТ” ААКтын өздүк эсебинен 14 млн. 500 миң сом каражат бөлүнгөн. Ал эми “Ширин Бизнес Групп” жоопкерчилиги чектелген коом менен 14 млн 700 миң сомго келишим түзүлүп, сапаттуу курулуш бүттү. Жаңы имарат 2 кабаттан, 8 бөлмөдөн турат. Мында кызматкерлердин иштөөсүнө да, керектөөчүлөрдү сапатуу тейлөөдө да ыңгайлуу шарт түзүлдү.Сузак электр энергиясын сатуу ишканасы Сузак районундагы 5 айыл өкмөттөн 36 764 керектөөчүнү тейлейт.
3. «Кыргызстан УЭТ» ААКнын филиалы — Нарын электр тармактар ишканасынын базасында темир-бетон чыгаруучу цех ишке берилди. Цехтин жалпы аянты 396 м² , колдонулуп жаткан жабдуулар заманбап жана жогорку өндүрүштүк кубаттуулукка ээ. Ишканада 5 кызматкер эмгектенип, азыркы тапта айына СВ-95 жана СВ-105 үлгүсүндөгү 120 даана темир — бетон мамычалар чыгарылууда. Жылына 1500 даана өндүрүү пландалууда. Мындан тышкары, трансформатордун алдына коюлуучу шакекче (кольцо), кабель жатуучу каналдар жана трансформатордун айланасындагы тосмолорду чыгаруу пландалууда. Аталган темир-бетон цехи капиталдык курулуштун эсебинен салынып 33 314 910 сомду түздү.