16-майда Кант шаарында үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу үчүн жаңы имарат пайдаланууга берилгенин Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Бул медициналык мекеменин курулушу Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) 115 миң долларлык каржылык колдоосу менен ишке ашырылган.

Тышкы каржылоодон тышкары ҮДТнын жаңы имаратына жанаша жайгашкан аймакты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 1,5 млн сом бөлүнүп, тез жардам унаасы алынган.
Ачылыш аземге Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садик Доган, ТИКАнын президенти Серкан Каялар жана президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиев катышты.

Саламаттыкты сактоо министри жаңы медициналык мекемелердин курулушуна колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн биргелешкен башка долбоорлорун, мисалы, Ош шаарында кыргыз-түрк достугу клиникасынын курулушун айтып өттү. Бул демилгелер саламаттыкты сактоонун инфраструктурасын жакшыртууга жана медициналык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган.
Белгилей кетсек, Кант шаарында 100 миңге жакын адам жашайт жана ҮДТнын жаңы имараты Ысык-Ата районунун бардык тургундарына медициналык жардам көрсөтөт. Жалпы аянты 250 чарчы метр эки кабаттуу имарат 9 врачтык кабинет, 2 медайымдар кабинети, карантиндик бөлмө, ашкана жана кампа менен жабдылган.
Сүрөт: КР Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы