Алматы вентилятор заводунун (АВЗ) негиздөөчүсү Марат Баккулов бизнесин 2008-жылы чакан гаражында бир жумушчусу менен баштаган. Учурда AВЗ Казакстандагы өнөр жай вентиляциялык системалардын жалгыз өндүрүүчүсү болуп саналат. Компаниянын жылдык кирешеси 4 миллиард теңгеге жакын, ал эми ишкананын продукциясы Казакстанда гана эмес, чет өлкөлөрдө, анын ичинде Россияда да суроо-талапка ээ.

Көп жагынан алганда бул ийгилик тарыхы өкмөттүн колдоосунун аркасында ишке ашты. Эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу жана санариптик технологияларды киргизүү боюнча AВЗ чыгымдарынын бир бөлүгүн QazIndustry кайтарып берди.
«Биздин завод KazIndustry менен 2012-жылдан бери кызматташып келет. Борбор тарабынан каралган өнөр жайды стимулдаштыруу боюнча чаралар ишканаларды колдоонун эң натыйжалуу механизми болуп саналат. Чыгымдардын ордун толтуруу, аларды жаңы технологияларды колдонууга үндөйт. Көптөгөн чакан ишканалардын санариптештирүү үчүн жетиштүү финансылык ресурстары жок. Ал эми чыгымдардын ордун толтуруу мүмкүнчүлүгү аларга мындай кадамга барууга жана сапаттуу жана кымбат баалуу жабдууларды сатып алууга чечим чыгарууга мүмкүндүк берет. Компенсациялоо чаралары ошондой эле жумушчуларды даярдаган жана алардын компетенттүүлүгүн жогорулатуучу чет элдик адистерди тартууга түрткү берет. Же адамдык жана материалдык ресурстарды унөмдөөгө мумкундук берген Кайзен системасын ишке ашырууга. Борбор чыгымдын 40-60 пайызын кайтарып берет. Бул идеологиялык жактан туура курал», — деп белгиледи М.Баккулов.
Белгилей кетсек, ишкананын иши толугу менен автоматташтырылган. Кызматкерлерди окутуу чет өлкөлөрдө жүргүзүлдү.
«Өкмөттүн колдоосу жаңыдан баштаган бизнес үчүн абдан маанилүү. Ушундай жол менен алар өнүгүп, кеңейиши мүмкүн. Мен мамлекеттик стимул чаралары үчүн QazIndustry менен байланышууну сунуштайм. Бул бекер жардам. Бир гана милдет бар — кирешени көбөйтүү керек. Ал эми өндүрүштү модернизациялоодо, чыгашаларынын бир бөлүгү сиздерге кайтарылат, бул сөзсүз түрдө болот», — деп белгиледи ишкер.