16-майда Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин вице-премьер-министри Лю Гочжунду кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар казак-кытай стратегиялык өнөктөштүгүнүн учурдагы абалын жана келечегин, ошондой эле Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен Кытай Эл Республикасынын Президенти Си Цзиньпин тарабынан мурда жетишилген эки өлкөнүн ортосундагы макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.
Казакстандын президенти республика Кытай үчүн ишенимдүү өнөктөш бойдон кала берерин жана мамилелерди жакшыртуу өлкөнүн башкы приоритети экенин баса белгиледи.
«Казак-кытай стратегиялык өнөктөштүгү тынымсыз өнүгүп келе жатат жана келечекке багытталган. Кытай Казакстандын негизги соода өнөктөшү болуп саналат жана эки тараптуу соода өсүүдө жана 2023-жылы 40 миллиард долларды тузду. Биз товар жүгүртүүнү 100 миллиард долларга жеткирүүгө умтулуп жатабыз жана бул максат толугу менен ишке ашат деп ишенем”, — деп белгиледи Президент.

«Кытай элинин эзелки жана жакшы досу катары сиз бул жылдар аралыгында кытай-казак мамилелерин өнүктүрүүгө маанилүү салым коштуңуз, бул кытай тарабынан жогору бааланды. Сиздин жетекчилигиңиз астында Казакстан мамлекетти өнүктүрүүдө жана кубаттуу жана гүлдөгөн Жаңы Казакстанды курууда алдыга жылат деп ишенем. Кытай менен Казакстан бири-бирин толуктап турган жакшы коңшулар, ишенимдүү өнөктөштөр жана абдан жакшы достор”, — деди Лю Гочжун.
Жолугушууда тараптар соода-сатык, инвестиция, айыл чарба, транспорт, энергетика жана туризм тармагында кызматташууну жакшыртуунун келечегин талкуулашты. Эки өлкөнүн ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү маселелери козголду.
Фото: Акорданын басма сөз кызматы