Казакстанда 2024-жылы мунай-химия продукциясын өндүрүүнүн көлөмү 2 эсеге өстү — ИА Караван Инфо
Казакстанда 2024-жылы мунай-химия продукциясын өндүрүүнүн көлөмү 2 эсеге өстү

Казакстанда 2024-жылдын алгачкы төрт айында мунай-химиялык продукцияны өндүрүүдө өсүш байкалды. Жалпы көлөм 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эки эсеге көбөйүп, 213 миң тоннадан ашыкты түздү.

Республиканын Энергетика министрлиги иштеп жаткан ишканаларга жүктөмдү жогорулатуу боюнча иштерди улантууда. Кеңейтүү жолу менен нефть продуктыларын өндүрүүнү көбөйтүү пландаштырылууда:

  • Актау битум заводу 2025-жылы 1 миллион тоннадан 1,5 миллион тоннага чейин,
  • 2030-жылга чейин Шымкент мунай заводу 6 миллион тоннадан 12 миллион тоннага чейин,
  • Атырау нефтини кайра иштетүүчү заводу 2027-жылга карата 5,5 миллион тоннадан 6,7 миллион тоннага чейин,
  • Павлодар мунай химиялык заводу 2030-жылга чейин 5,5 миллион тоннадан 8 миллион тоннага чейин.

Министрлик 2024-жылдын июнь айында “Мунай жана газ-химиялык өнөр жайын 2024-2030-жылдарга өнүктүрүүнүн жол картасын” бекитүүгө даярдаган, ошондой эле “Мунай жана газ-химиялык өнөр жайы жөнүндө” мыйзамды иштеп чыгуу маселеси каралууда.

2024-жылдын аягына чейин 628 миң тоннадан ашык мунай-химия продукциясын өндүрүү пландаштырылууда, муну менен өткөн жылга салыштырмалуу 75 пайызга өсүш камсыз кылынат. Өкмөт 2029-жылга чейин жалпы суммасы 14 миллиард доллардан ашкан беш ири долбоорду ишке ашырууну пландаштырууда.

«Быйылкы жылы бутадиенди жана анын туундуларын өндүрүү боюнча 340 миң тоннага чейинки кубаттуулуктагы долбоорду ишке ашыруу башталат ошондой эле кубаттуулугу 1,2 миллион тонна болгон өлкөнун буткул тарыхындагы эң ири долбоорлордун бири болгон «Полиэтилен» долбоору боюнча да инвестициялык чечим кабыл алынат. Нефтехимия өнөр жайы жогорку мультипликациялык эффект бере тургандыгы белгилүү, анткени  ал полимердик сырьё өнөр жайынын жаңы тармактарын өнүктүрүүнүн  негизи болуп калат Ушуга байланыштуу бул тармакты өнүктүрүүгө системалуу мамиле жасоо талап кылынат”, — деп белгиледи энергетика министри Алмасадам Саткалиев Казакстандын Өкмөтүнүн жыйынында.

Сүрөт: Казакстан Республикасынын Премьер-министринин расмий маалымат ресурсу

error: