Казакстанда 2024-жылдын май айынын ортосунан баштап технологиялык жабдууларды сатып алууга байланышкан чыгымдардын ордун толтуруу түрүндө чакан жана орто бизнести колдоонун жаңы түрү ишке киргизилет.
«Бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү ишкананын чыгашаларынын негизги бөлүгүн технологиялык жабдуулардын наркы түзгөндүктөн, чыгашанын бул түрүн киргизүүнү суранышты. Муну өнөр жай жана курулуш министерствосу эске алып, устубуздөгу жылдын март айында «Өнөр жайды мамлекеттик стимулдаштыруунун чараларын камсыз кылуунун эрежелерине» өзгөртүүлөр киргизилген. 2024-жылдын 12-майынан баштап артыкчылыктуу товарлардын тизмесине кирген даяр продукцияны чыгарган ишканалар жабдууларды сатып алууга байланышкан чыгымдардын бир бөлүгүн төлөп берүүгө арыз бере алышат. QazIndustry ишканалардын технологиялык жабдууларды сатып алууга жумшаган каражатынын 40 пайызына чейин кайтарып берет, бирок 60 миллион теңгеден ашпоого тийиш», — деди «КазИндустрия» Казакстан өнөр жай жана экспорттук борборунун бизнести стимулдаштыруу дирекциясынын жетекчиси Арстанбек Сагиев.
Санариптик технологияларды киргизүү менен 3D сканерлер жана принтерлер, ошондой эле чоң форматтагы принтерлер сыяктуу жабдууларды сатып алууга байланышкан чыгымдардын орду толтурулат.

Чыгымдын ордун толтуруунун жаңы түрү сатып алынган жабдуулардын наркынын 40 пайызга компенсациялоого тийиш. Мамлекеттик колдоонун бул түрү ишканаларды жабдуулар паркын техникалык жактан жаңыртуу жолу менен модернизациялоого түрткү бериши керек.
Ошол эле учурда бул жөлөк пулду алуу үчүн бир катар шарттар бар. Ишкана арыз келип түшкөн күнгө чейин бир календардык жылдан кем эмес иштеген болушу керек жана арыз берилген күнү салыктар, милдеттүү пенсиялык төгүмдөр, милдеттүү кесиптик пенсиялык төгүмдөр жана социалдык чегерүүлөр боюнча карызы болбошу керек.
Компания ошондой эле тапшыруу күнүнө чейин мурунку үч жыл үчүн салык төлөмдөрүнүн жылдык көбөйүшүн көрсөтүшү керек. Бирок, бул талап салык төлөөдөн бошотулган ишканаларга же каттоо датасы арыз түшкөнгө чейин үч календардык жылдан аз убакыт өткөн субъекттерге жайылтылбайт.
Жалпысынан 2024-жылдын алгачкы үч айында казакстандык ишканаларга дээрлик 180 миллион теңге кайтарылган. ал эми еткен жылы алар 844 миң тенгеден ашык чыгымдын ордун толтурушту.