Казакстанда ШКУга мүчө өлкөлөрдүн туризм администрацияларынын жетекчилери жыйын өткөрүштү
28-майда Алматыда баш катчы Чжан Миндин катышуусунда Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин туризм администрацияларынын башчыларынын жыйыны өттү.

Иш-чарада туризмди туруктуу өнүктүрүүгө жана туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга багытталган 2024-2025-жылдарга ШКУнун туризм тармагындагы биргелешкен аракеттер планы кабыл алынды. Кытайдын Циндао шаарынын “ШКУнун туристтик жана маданий борбору” макамына талапкерлиги да колдоого алынды. Иш-чаранын катышуучулары тарабынан социалдык-экономикалык өнүгүү үчүн туризм тармагындагы байланыштарды чыңдоонун мааниси талкууланды.
Расмий делегациялардын башчылары Алматынын жана анын айланасындагы туристтик жайларды кыдырышты.
Сүрөттө: ШКУнун Пекиндеги катчылыгы