Казакстандын өкмөтү өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо боюнча отчетун берди. Жогорку сапаттагы сүттүн ата мекендик өндүрүшүн көбөйтүү саясатынын алкагында мамлекет сүт-товар фермаларын ишке киргизүүгө жигердүү колдоо көрсөтүүдө жана дем берүүдө. Кийинки уч жылдын ичинде чарбалардын жалпы саны 446га көбөйдү.

2023-жылы сүт жана эт багытындагы бодо малдын саны 2021-жылга салыштырмалуу 5,2 пайызга көбөйүп, 7,4 млн башка жеткен. 2023-жылы сүт өндүрүүнүн өсүшү 4,9 пайызды түздү. Өзүнчө сүт өндүрүүчүлөргө мамлекеттик субсидиялардын көбөйүшү белгиленди. 2023-жылы ал өткөн жылга салыштырмалуу 1,5 эсеге – 23төн 35 миллиард теңгеге чейин өскөн. Мындан тышкары, инфраструктураны түзүүгө жана кеңейтүүгө фермерлердин инвестициясына 25 пайызы өлчөмүндө субсидиялар бөлүнөт.
Көбүнчө бул сүт жана эт азыктарын өндүрүү үчүн бодо малды багуу үчүн объекттер. Тармактын өнугушун басаңдатуучу негизги фактор — тоюттун жетишсиз камсыз болушу. Казакстанда тоют даярдоонун көлөму зоотехникалык нормалар талап кылгандан 2 эсе аз. Айдоо аянттарынын сунуш кылынган 30 процентинин ордуна 13,4 пайызга жакынына гана тоют өсумдуктөру эгилген.