Казакстандагы санаторийлерде селден жабыркагандар батат
Казакстан Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги селден жапа чеккендерге жардам көрсөтүү боюнча иштерди улантууда.

Анын ичинде 16 санаториялык-курорттук уюм селден жабыркагандарды бекер кабыл алат. 12 санаторий Түркстан облусунда, калгандары Бурабай, Семей, Алматы шаарларында жана Актөбө облусунун Алга айылында жайгашкан.
Жалпысынан бул мекемелер 190 адамды батыра алат, реабилитация курсу 10 күндөн 14 күнгө чейин болот. Республиканын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Курортология жана медициналык реабилитация илим-изилдөө институту жергиликтүү аткаруу органдарына тез арада санаторийлерге жайгаштырылууга тийиш болгон адамдардын тизмесин берүүнү өтүндү.