Казакстандын вице-премьер-министри жана тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу Армениянын Казакстандагы элчиси Армен Гевондянга Казакстан Республикасынын мамлекеттик сыйлыгы – II даражадагы «Достык» орденин тапшырды. Сыйлыкты тапшыруу аземи Казакстандын Тышкы иштер министрлигинде өттү.

Нуртлеу өз сөзүндө Армениянын элчисинин Казакстан менен Армениянын ортосундагы достук мамилелерди жана көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон зор салымын белгиледи. Ал ошондой эле армян дипломатынын эки өлкөнүн ортосундагы байланыштарды чыңдоодо мындан аркы ийгилигине ишенерин билдирди.
Жолугушууда министр үстүбүздөгү жылдын 14-15-апрелинде Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин Ереванга болгон биринчи расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча жогорку деңгээлде жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Өз жообунда Армен Гевондян Казакстандын жетекчилигине анын ишине жогору баа бергени үчүн терең ыраазычылык билдирип, достуктун жана кызматташтыктын негизинде казак-армян өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүүгө мындан ары да жигердүү салым кошууга даяр экендигин ырастады.
Быйыл Казакстан менен Армения 1999-жылдын 2-сентябрында түзүлгөн достук жана кызматташтык келишимине кол коюлганынын 25 жылдыгын белгилешти. Бул датанын урматына эки мамлекеттин башчыларынын жана тышкы иштер ведомстволорунун жетекчилеринин куттуктоо каттары алмашылды.
Сүрөт: Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министрлиги