Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети (УКК) прокуратура менен макулдашуу жана полициянын колдоосу менен Алматы, Караганда, Түркстан облустарында жана Улытау облусунда терроризмге каршы иш-чараларды өткөрдү. Жыйынтыгында деструктивдүү диний агымды карманып, жек көрүү жана зордук-зомбулук идеологиясын, анын ичинде социалдык тармактар аркылуу жайылткан деп шектелген Казакстандын беш жараны жана бир чет өлкөлүк жаран кармалды.

Операциялардын жүрүшүндө буюм далилдери, анын ичинде үч аскердик граната табылып, алынган. Маалым болгондой, кармалгандардын экөө мурда тоноо жана уурулук боюнча соттолушкан.
Кармалгандарга карата Казакстан Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренесине ылайык, терроризмди үгүттөө жана террористтик актыларды жасоого элди чакыруу боюнча сотко чейинки тергөө иштери жүрүп жатат. Жазык-процесстик кодексинин 201-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык кошумча маалыматтар ачыкка чыгарылууга жатпайт.
Сүрөт: КР КНБ