Корея эл аралык кызматташуу агенттиги Кыргызстанга каржылык колдоо көрсөтүү көлөмүн көбөйтүүгө ниеттенүүдө — ИА Караван Инфо
Корея эл аралык кызматташуу агенттиги Кыргызстанга каржылык колдоо көрсөтүү көлөмүн көбөйтүүгө ниеттенүүдө

Министрлер Кабинетинин төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров Кореянын Эл аралык кызматташтык боюнча агенттигинин (KOICA) президенти Чанг Вон Сам менен жолугушуу өткөрдү.

«2013-жылы Кыргызстан менен Кореянын өкмөттөрүнүн ортосунда кол коюлган кайтарымсыз жардам жөнүндө алкактык макулдашуу, ошондой эле Бишкекте KOICA өкүлчүлүгүнүн ачылышы өз ара пайдалуу жана практикалык кызматташуунун бекем негизин түзгөндүгүн белгилеп кетким келет. Кыргыз Республикасы KOICA Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө кошкон салымын жана эмгегин жогору баалайт. Ушул жылдар аралыгында KOICA Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөшү жана досу болуп саналат», — деп белгиледи А.Жапаров.

Өз кезегинде Президент Чанг Вон Сам санариптештирүү, климаттын өзгөрүшү жана билим берүүнү өнүктүрүүгө басым жасоо менен Агенттиктин ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттары тууралуу айтып берди. Буга кошумча, ал Кыргызстанга инвестициялык жана башка колдоо көрсөтүү көлөмүн көбөйтүү боюнча пландары тууралуу айтып берди.

Жолугушуунун жүрүшүндө айыл чарба, жеңил өнөр жай, «жашыл» күн тартиби, ошондой эле Кыргызстандын шайлоо системасынын потенциалын жогорулатуу тармактарындагы өз ара аракеттешүү маселелери талкууланды.

Сүрөт: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий сайты

error: