ЭВФ жана Дүйнөлүк банк тобунун башкаруучуларынын Вашингтон шаарында болуп өткөн ар жылдык жыйынына катышуунун алкагында КРнын Улуттук банкынын төрагасы Мелис Тургунбаев Швейцария Улуттук банкынын жаңы төрагасы Мартин Шлегел мырза менен жолугушту.
КР УБдан кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө борбордук банктардын жетекчилери мындан ары да тыгыз кызматташууга жана монетардык саясат негиздерин өркүндөтүү маселелерин кошо алганда, бардык иш багыттары жана башка маселелер боюнча өз ара иш алып барууну күчөтүүгө кызыкдар экендигин билдиришти.
Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана Швейцария Улуттук банкы ортосунда көп жылдан бери ар кандай иш багыттары боюнча эки тараптуу кызматташуу ийгиликтүү жүргүзүлүп келет.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/