
Зуура Акылова, Табылды Актановдун жубайы: «Кайненемдин көзүнчө сөйкө берип ыңгайсыз кылган»

– Табылды агаңар менен баш кошконума кырк жылдын жүзү болду. Экөөбүз Нарындагы М.Рыскулов атындагы театрда бир топ жыл бирге иштедик. Майрам күндөрү артисттер иштеп, майрамыбыз иш менен өтчү. Биздин доордо келиндин орду башкача эле. Элдин көзүнчө белек алып мактануу деген жок. Ыйбаа болчубуз. Табылды апасы менен эжесин бөтөнчө жакшы көрөт болчу. Мен да андан кем калбай кайын журтту колумдан келишинче сыйладым. Ошо сыйым үчүнбү, айтор, бир жолу 8-мартта адаттагыдай концерттен чыгып, айылга бир туугандарын куттуктаганга жөнөп калдык. Барып дасторкон үстүндө отурсак эле, ошончо туугандарынын көзүнчө эчак камдап койгон сөйкөсүн белекке берди. Кайненеме бербеген белекти мага берди деп алардын алдында ыңгайсыз боло түштүм. Көрсө, апам, кайнежем баары чогуу кеңешип, “бизди дайыма сыйлап келет, биз да белек берели” дешкен экен. Ошол күндөн тарта ар бир майрамда зер буюм белек кылуу адатка айланган. Өзүм сахнанын адамы болгон үчүн түрлөп тагынуу жакчу. Бүгүн пайгамбар жашына таяп калсак да Табылды жаш кезиндегидей ар бир майрамда белегин берүүдөн тажабайт.
Жазгүл Жумаканова, Мунарбек Чобиевдин жубайы: «Белек алып көргөн эмесмин»

– Мунарбек экөөбүздүн баш кошконубузга 30 жылга чукул убакыт болуп калды. Ушул кезге чейин 8-Март аялдардын майрамына карата энчилүү бир белек алып көргөн эмесмин. Гезитиңердин окугандар таң калса керек. Бирок чын эле аял затындай болуп жалтыр-жултурга кызыгып, атыр себинген жан эмесмин. Өзүмө деле жакпайт. Мага караганда жолдошум жыпар жытка жакын. Биз бири-бирибизге өзүбүз белекпиз деп белек күтпөгөнгө үйрөнгөнбүз. Каржы маселеси ортодо болгон үчүн балдарыбызды чоңойтолу, батирден батирге көчүп жашабай үй салалы деген аруу тилектер менен жашап келдик. 27 жылдан бери эч белек бербеген жолдошум быйылкы майрамда өзгөчө тартуусу менен сүйүнттү. Акын К.Рыспаевдин, обону К. Жусуповдун «Жубайыма» деген ырын мага арнады. Мен да жолдошума «Түгөйүмө» деген ыр арнадым. Ак өргөбүзгө кирип, куда күтүп, ысык чай ичип, сый-урматтын үстүндө түтүн булатып жатканыбызга шүгүр. Биз келечектеги жакшы жашообуз үчүн майда нерселерге каражат коротпой, белек беришпей бардык жакшылыктарга бирге жетели дептирбиз. Чыныгы таттуу жашоого эми жеттик.
Гүлкайыр Исакова, Рысбай Исаковдун жубайы: «Алтындын ордуна духовка алдырып алгам»

– Рысбай экөөбүз 2007-жылы январь айында баш коштук. Кыш бүтүп, айымдардын майрамы болгон күнү Ош базарга барып келели деп калды. Өзүбүз Кудайберген жакта жашачубуз. Маршруткага түшүп алып жөнөдүк. Базарга баргандан кийин, «Бүгүн 8-март, сага алтын алып берейин деп атайын ээрчитип келдим. Жүрү, алтын танда» десе, мен алтындын ордуна нан бышырган духовка алып берчи деп ашканама духовка алдырып алгам. Негизи аял заты алтынга жакын болот го. Жаңыдан баш кошуп кыйналып жүргөн үчүнбү, же жолдошумду аядымбы, айтор алтындан баш тарткам. Ошо күнү өзгөчө бир жетишкендиктерге жеткендей кубанганым эсимде. Азыр ал күндөрдү эстеп жылмайып калабыз. Негизи эле Рысбай романтик. «Сюрприз» кылганды жакшы көрөт. Бирок жакшы катканды билбейт. Жашырып, өзгөчө эмоция тартуулайм деген белегин дайыма өзүм биринчи таап алам.
Дамира Орозбекова, Жеңиш Кангелдиевдин жубайы: «Тамак жасап мени кубандырган»

– Биз жаңыдан баш кошкондо кыйынчылык күндөрдөн өттүк. Ошон үчүнбү, ушул кезге чейин «белек бер» –- деп деле айтпаптырмын. Экөөбүз тең театрда иштеп, ал кезде айлык маянабыз аз кез эле. Ошол жылдары бир майрамда үйдөгү болгон азыктан укмуштуудай сонун, даамдуу тамак жасап, дасторкон жайып «романтика» менен мени иштен күтүп алган. Жеңиштин өзгөчө белегинен мурун, анын тамак жасаганды билет экенине таң калгам. Ушунчалык сүйүнүп ыраазы болгом. Кызыгы, бул даамдуу тамакка эмнелерди кошконун сурасам өзү билбейт. Ошол жолдошумдун биринчи жана акыркы тамак жасашы болгон болуш керек.
Мукадас Атаналиева, Мухтар Атаналиевдин жубайы: «Ошол балыктын даамы оозумдан кетпейт»

– Мухтар экөөбүз 1987-жылы баш коштук. Окууларыбызды аяктагандан кийин атам (кайнатам) бизди айылга алып кетти. СССР чачырап жокчулук болуп, эл кыйналып баштаган учур эле. Ошол кезде Токтогул району эч жакка карабай ортодо калган кезибиз. Сатып алалы десек эч нерсе жок. Ошондой жокчулукта 8-Март майрамы келип калды. Үйдө эки кайненем, кайын сиңдилерим, кичүү абысыным баарыбыз бирге турабыз. Мухтар балык кармап келип аны кызарта кууруп берип майрамыбыз менен куттуктаган эле. Жокчулук мезгилде даамдуу тамак менен майрамдаганыбыз эсимден кетпейт. Азыр кудайга шүгүр, балдар чоңоюп баары очор-бачар болушту. Бүгүн-эртең деп он үчүнчү неберени күтүп жатабыз. Убагында даамдуу тамак менен куттуктаса, өткөн жылдарда ортобуз алыс болуп интернеттен куттуктаган. Анда мен Орусияда элем. Балам ачкан гүл дүкөндүн маңдайына, букет гүлүн кучактап туруп интернет аркылуу куттуктоосун бүт ааламга жар салып кубанткан.