2014 конуштун 796сы гана таза суу менен камсыз болгон – ИА Караван Инфо
2014 конуштун 796сы гана таза суу менен камсыз болгон

Калкты таза суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууну башкаруу үчүн 2 млрд долларга жакын каражат керек, – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев “Климаттын өзгөрүшүнүн шартында суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана Ысык-Көлдү сактоо” аталышындагы Улуттук суу форумунун сессиясында.

Суу менен камсыз кылуу жана санитария системасын калыбына келтирүүгө 1 млрд доллар, анын ичинде Ысык-Көл облусуна 88,4 млн доллар каралган.

800 миллион доллар 960 конушту ичүүчү суу менен камсыз кылууга бөлүнөт, анын 72,4 миллион доллары Ысык-Көл облусуна каралган.

200 миллион доллар 25 райондук борбордогу сууларды тазалоо, анын ичинде 16 миллион доллар Ысык-Көл облусундагы долбоорлорго жумшалат.
Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басарынын айтымында, өлкөдөгү 2014 конуштун 39,5% же 796сы гана таза сууга менен камсыз болгон. 960 конуш (47,6%) суу менен камсыз кылуу системаларынын курулушуна абдан муктаж. 258 айылда (12,8%) суу менен камсыздоону жакшыртуу иштери жүргүзүлүүдө.

“Бул маселелерди чечүү артыкчылыктуу мамлекеттик саясаттын бир бөлүгү жана БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарынын алкагындагы негизги максат болуп саналат”, – деп кошумчалады Төрөбаев

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: