2024-жылдын жыйынтыгы боюнча Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине жазуу жүзүндө жана жеке жолугушуулар аркылуу 11 миң 617 кайрылуу келип түшкөн. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Анын ичинен 1370 жазуу жүзүндөгү кайрылуулар, алардын дээрлик 97% ы мөөнөтүндө аткарылган.
Кайрылуулардын негизги бөлүгү мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды дайындоо, майыптыгы бар адамдар үчүн турак-жай менен камсыз кылуу, медициналык-социалдык эксперттик комиссиялардын иши, социалдык жөлөкпулдарды жогорулатуу, иш менен камсыз кылуу жана башка маселелерге тиешелүү болду.
Көбүнчө Бишкек шаарынын, Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарынын тургундары кайрылышкан. Андан кийин Ысык –Көл, Нарын, Баткен жана Талас облустары турат.
Ведомство өзүнүн компетенциясына кирген бардык суроолор боюнча 0312 66-01-07 номери же 1966 кыска номери аркылуу коомдук кабылдамада мыйзамдарга ылайык түшүндүрүү иштерин жүргүзөт.
Аймактардын жашоочуларына ыңгайлуу болушу үчүн видеобайланыш аркылуу онлайн-кошулуу мүмкүнчүлүгү каралган. Коомдук кабылдама иш күндөрү саат 09.00-18.00гө чейин иштейт.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров ар жума күнү саат 9.00 дөн 11.00 гө чейин, министрдин орун басарлары иш күндөрү саат 10.00дөн 12.00гө чейин алдын ала жазылуу боюнча кабыл алат.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/