2024-жылы Кыргызстанда 254 жөө жүргүнчү каза болгон – ИА Караван Инфо
2024-жылы Кыргызстанда 254 жөө жүргүнчү каза болгон

2024-жылы Кыргызстандын аймагында жөө жүргүнчүлөр катышкан 2 миң 613 жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, андан 2594 жаран ар кандай жаракаттарды алып, тилекке каршы, 254 жөө жүргүнчү көз жумган.

“Бул көрүнүш аркы 2023-жылга салыштырмалуу бир топ пайызга төмөн болгону менен, бүгүнкү күндө дагы эле болсо маанилүү көйгөй бойдон калууда”, – деп айтылат маалыматта.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: