2024-жылы өлкөдө 3 миңге жакын ишкер 3,2 миллиард сомдон ашык кепилдиктен пайдаланды
Өткөн жылы “Кепилдик фонд” ААКсы өлкөнүн ишкерлерине 8 миллиард 976 миллион сомдон ашык кредиттик каражаттарды алуу мүмкүнчүлүгүн берген.
Фонддон кабарлашкандай, ишкердикти финансылык ресурстар менен ушундай таасирдүү көлөмдө камсыз кылуу үчүн «Кепилдик фонд» ААКсы 3 млрд 241 сом суммасында 2987 кепилдик берген, бул фонддун ишинин бардык мезгилиндеги эң жогорку көрсөткүч.
Кепилдик колдоо экономиканын дээрлик бардык тармактарында жана өлкөнүн аймактарында бизнести өнүктүрүүгө багытталган.
Бардык берилген кепилдиктердин 89% өлкөнүн аймактарында ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган, кепилдик колдоонун 11% Бишкектин ишкерлери пайдаланылган.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/