2024-жылы Оштогу 19 билим берүү мекемесинде оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн – ИА Караван Инфо
2024-жылы Оштогу 19 билим берүү мекемесинде оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Ош шаарындагы мектептерди жана балдар бакчаларын көрүп чыгып, билим берүү мекемелеринин сырткы жана ички абалын жакшыртуу боюнча тапшырма койгон.

Ага ылайык, 2024-жылы 19 билим берүү мекемелеринде оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн. Тактап айтканда, №38 Барпы Алыкулов атындагы мектептин, №53 мектептин чатыры жана ашканасы, Алтыбаев жана Керме-Тоо атындагы мектептердин чоң жыйындар залы жаңыланган.

Учурда Х. Абдуллаев атындагы №41 мектептин чоң жыйындар залын оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: