2024-жылы Кыргыз Республикасынын прокуратура органдары ишкерлердин укуктарын коргоо жана мыйзамсыз кийлигишүүлөрдү болтурбоо боюнча активдүү иш алып барды.
Жыл ичинде 463 мыйзам бузуу аныкталып, 110 прокурордук чара көрүү актылары келтирилип, мамлекетке 1,6 млн сом кайтарылган. Мындан тышкары ишкерлерден келип түшкөн 498 арыздын 158 канааттандырылган.
Укук коргоо органдары жана салык кызматтары тарабынан ишкерлерди текшерүү боюнча келтирилген 4668 өтүнүчтүн 517 четке кагылып, 13 өтүнүч чакыртылып алынган.
Ошондой эле, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин талабына ылайык 31 ишкерди жоопкерчиликке тартуу боюнча мыйзамсыз чечимдерге карата каршылык билдирүүлөр келтирилип, канааттандырылган.
Прокуратура органдары ишкерлер менен тыгыз байланыш түзүү максатында бир катар семинарлар жана жолугушуулар өткөрүлүп, ишеним телефон кызматы (0558 20-20-00 номери) аркылуу ишкерлердин ооз эки кайрылуулары кабыл алынууда.
Бул чаралар административдик басымдын азайышына жана ишкерлердин укуктарынын корголушуна шарт түзүп, учурда прокуратура органдары тарабынан ишкерлерге юридикалык жардам көрсөтүүнүн жана көзөмөлдү күчөтүүнүн жаңы механизмдерин ишке ашыруу пландаштырылууда.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/