Бишкек шаарынын мэриясынын жыйындар залында мэрдин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков жер, инфраструктура, транспорт жана туризм министрлигинин саясат маселелери боюнча бюросу, эл аралык кызматташтык жана чет өлкөлүк долбоорлор бөлүмүнүн директору Нозому Минагава баштаган Япония делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Күн тартибинде Кыргызстан менен Япониянын шаарларынын шаар куруу, турак...
Акылбек Жапаров: Акыркы үч жыл кыргыз-кытай кызматташтыгында “бурулуш” болду
Бишкекте Кытай Эл Республикасынын 75 жылдыгына карата салтанаттуу кабыл алуу болуп, иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин билдиришти.Өзүнүн куттуктоо сөзүндө Акылбек Жапаров Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун, министрлер кабинетинин атынан жана жеке өзүнүн атынан чогулгандарды бул даталуу күн менен куттуктап, Кытайдын уникалдуу маданиятын жана бай тарыхын белгиледи....
Сокулуктагы “Эдельвейс” лагери мамлекеттин менчигине кайтарылды
Сокулук районундагы "Эдельвейс" балдар эс алуу лагери мамлекеттин менчигине кайтарылды, деп билдирет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы. Төш-Булак айылында жайгашкан галердин жалпы аянты 5,20 га жана аянты 493,8 чарчы метр ар кандай курулуштары бар. Маалым болгондой, 2004-жылы аталган лагерди жеке жактар менчиктештирип, бир нече жолу ар кандай адамдарга кайра...
Араванда энергетиктер 90%га күз-кыш мезгилдерине даяр
Араван районунда энергетиктер 90%га күз-кыш мезгилдерине даяр. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Ош электр тармактары ишканасынын Араван РЭТи тарабынан райондун Жаңы-Жол, Нур-Абад айылдарында жана Юсупов айыл өкмөтүндө жыгач тирөөчтөр жаңы темир бетон мамычаларга алмаштырылып, КТП трансформаторлордо утурумдук жана капиталдык оңдоп-түзөө иштери жасалды.Мындан тышкары, Араван районунун Дөбө-Коргон айыл аймагындагы...
Жээнбек Кулубаев ЕККУнун учурдагы төрагасы менен жолукту
Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын алкагында 25-сентябрда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев ЕККУнун учурдагы төрагасы, Мальтанын тышкы, европалык иштер жана соода министри Ян Борч менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, тараптар эки тараптуу диалогду активдештирүүгө кызыкдарлыгын билдирип, өз ара пайдалуу кызматташтыктын потенциалдуу багыттарын талкуулашты.Жолугушуунун жүрүшүндө...
Бишкектин престиждүү аймактарынын биринде жайгашкан жер тилкелери мамлекетке кайтарылды
Бишкектин престиждүү аймактарынын биринде жайгашкан жер тилкелери мамлекеттин менчигине кайтарылды, деп билдирет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин )УКМК) басма сөз кызматы. Атайын кызматтын билдирүүсүнө караганда, УКМК тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында Ы.Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан жалпы аянты 0,35 га болгон 5 муниципалдык жер тилкесин мыйзамсыз берүү фактылары аныкталды."Бул жер тилкелерин жеке адамдарга мыйзамсыз...
Ибраев: Энергетика тармагында аткарылып жаткан иштерди өз убагында бүткөрүү керек
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана энергетика министри Таалайбек Ибраев күн мурун, 25-сентябрда Орто-Токой ГЭСинин курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен кабарлашты. «Чакан ГЭС» ААКтын башкы директору Шакиржан Саидов Орто-Токой ГЭСти курууга карата аткарылып жаткан жумуштар тууралуу маалымат берди. Анын айтымында алгач ГЭСти куруу үчүн даярдык иштерин жүргүзүү...
Tunduk мобилдик тиркемесинде эки жаңы кызмат пайда болду
Санариптик өнүктүрүү министрлиги Tunduk тиркемесинде эки жаңы кызматтын ишке киргенин кабарлайт.Эми тиркеме аркылуу:1. Баланын катталгандыгы (катталган жери, прописка) тууралуу маалымкатты алуу.2. Балдар үчүн мүлккө ээлик кылуу/ээлебөө тууралуу маалымкатты онлайн тартипте алуу мүмкүн (мамлекеттик төлөм - 170 сом).Кызматтар төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүктүн санарипке өткөрүлгөн учурда гана жеткиликтүү. Эгерде бала тууралуу маалымат тиркемеде көрсөтүлбөсө,...
Жалал-Абадда УКМКнын жалган кызматкери кармалды
Жалал-Абад облусунда УКМКнын жалган кызматкери кармалды. Бул тууралуу Атайын кызматтан билдиришти.Маалыматка ылайык, УКМКга жеке ишкерлерден жана муниципалдык кызматкерлерден алардын ишмердүүлүгүн мыйзамсыз текшерүү боюнча бир нече жолу арыздар жана кайрылуулар келип түшкөн.Буга байланыштуу КР Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин 2-бөлүгүндө (документтерди жасалмалоо) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, 2024-жылдын 24-сентябрында КРнын У.С.У.аттуу жараны...
Саламаттык сактоо министрлиги БУУнун беделдүү сыйлыгына татыды
Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги жугуштуу эмес оорулар менен күрөшүүгө кошкон салымы үчүн БУУнун беделдүү сыйлыгына татыды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.Сыйлык 25-сентябрда АКШнын Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын алкагында ыйгарылды. Аны КР Саламаттык сактоо министрлигинин атынан БУУнун ЖЭОго каршы глобалдык күрөш маселелерине арналган жыйынына катышкан саламаттык сактоо министринин...
Президенттик администрацияда майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңешинин жыйыны өттү
Президенттик администрацияда министрлер кабинетинин алдындагы майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңешинин жыйыны болуп өттү. Кеңешти министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов алып барды. Атайын конок БУУнун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары боюнча атайын баяндамачысы Хеба Хаграсс болду. Жыйынга кеңештин мүчөлөрү, ошондой эле мамлекеттик органдардын, эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө...
Бишкек мэриясы БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен кызматташат
Бишкек эриясынын жыйындар залында мэрдин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоковдун катышуусунда БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БДПП) менен кызматташуу келишимине кол коюу аземи өттү. Бул макулдашуунун максаты — шаардын мектептеринде жана бала бакчаларында тамактануунун сапатын, натыйжалуулугун жана туруктуулугун жогорулатуу максатында борбордун мэриясынын мүмкүнчүлүктөрүн мындан ары колдоо жана кеңейтүү үчүн тараптардын кызматташуусунун...