Сентябрь 2024 – 12 барак – ИА Караван Инфо

КР ТИМ кыргызстандыктарды Израиль жана Ливанга баруудан алыс болууга чакырды

Израиль менен Ливандын чек арасындагы татаал жана чыңалган кырдаалга байланыштуу Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарды аталган өлкөлөргө баруудан алыс болууну сунуштайт. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө айтылат. Ошондой эле маалыматта Ливан жана Израилде жашаган Кыргызстандын жарандарына региондогу кырдаал турукташканга чейин жеке коопсуздук чараларын күчөтүү жана мүмкүн болушунча жогоруда аталган өлкөлөрдөн чыгып кетүү...

Бишкектин мэри муниципалдык автобустун айдоочулары менен жолугушту

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасында жыйын өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.  Калаа башчысы муниципалдык коомдук транспорттун айдоочуларына жаңы автобустардын катышуусундагы жол кырсыктары жана жол эрежесин бузуулар көбөйүп жаткандыгы тууралуу эскертүү жасады.«Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун колдоосу менен Бишкек шаарына 1000 жаңы автобус сатылып алынды.  Бирөөнү...

Ош билим берүү институтунда мамлекеттик тил жумалыгы өтүүдө

Ош билим берүү институтунда "Кыргыз Республикасынын мамлекттик тили жөнүндө" мыйзамынынын кабыл алындыгынын 35 жылдыгына карата 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнү белгиленип, атайын жумалыктын алкагында бир топ иш-чаралар өтүүдө. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, институт тарабынан мугалимдер үчүн түрдүү кароо-сынактар, көргөзмөлөр уюштурулуп, ага Ош облусунун райондорунан кесиптик...

Нарын жана Ысык-Көл облусундагы отканалардын күз-кыш мезгилине даярдыгы текшерилди

Иш сапарда Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 3-апрелиндеги №89 “Отун-энергетикалык комплексинин айрым маселелери жөнүндө” Жарлыгына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-июлундагы №345 “Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасын кайра уюштуруу жөнүндө” Токтомунун негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын балансына өткөрүлүп берилип жаткан отканалардын 2024/2025-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдыгы текшерилди.Текешерүүнүн...

Жогорку Кеңеш Аскар Акаевдин экс-президент макамын кайтаруудан баш тартты

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 26-сентябрдагы жыйынында убактылуу депутаттык комиссия түзүү жана экс-президент статусун калыбына келтирүү боюнча А.Акаевдин арызы каралды.Жыйында баяндама жасаган Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрайымы Чолпон Султанбекова тиешелүү арыз Жогорку Кеңешке 3-сентябрда келип түшкөнүн эске салды.Ал белгилегендей, комитет А.Акаевдин арызын эске алып, Жогорку...

Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин көрсөттү

Ушул жылдын 24-сентябрында Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын алкагында КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бурундинин тышкы жана европалык иштер министри Альберт Шингиро менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө кесиптештер эл аралык уюмдардын алкагында эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурушту. Тактап айтканда, министр Кулубаев Кыргызстандын...

Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясында сөз сүйлөдү

Президент Садыр Жапаров 24-сентябрда Нью-Йорк шаарында (Америка Кошмо Штаттары) БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын жалпы дебаттарында сөз сүйлөдү.Мамлекет башчысынын сүйлөгөн сөзү:“Урматтуу Генералдык катчы,Урматтуу Төрага,Урматтуу делегация башчылары,Урматтуу айымдар жана мырзалар,Африка мамлекеттерин жана урматтуу Филемон Янгды Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын Төрагасы болуп шайланышы менен куттуктайм.Сизге бул жоопкерчиликтүү кызматта ийгиликтерди каалайм жана Кыргыз...

Финансы министри Дүйнөлүк банктын делегациясы менен жолугушту

Кыргызстандын финансы министри Алмаз Бакетаев менен Дүйнөлүк банктын Башкаруучу директору/администрация департаментинин жетекчиси Вэнцай Чжан жетектеген Дүйнөлүк банктын делегациясынын жолугушуусу болуп өттү.Ведомстводон билдиришкендей, жолугушуунун алкагында тараптар төмөнкү маселелерди талкуулашты: Кыргызстан үчүн Дүйнөлүк банктын жаңы финансылык шарттары, Дүйнөлүк банк менен кызматташуунун стратегиялык багыттары, анын ичинде Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу долбоору.Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жолугушуу...

Кыргызстан менен Монголиянын лидерлери соода-экономикалык кызматташтыктын келечегин талкуулашты

Президент Садыр Жапаров 24-сентябрда Нью-Йорк шаарында (АКШ) өтүп жаткан БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын алкагында Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен жолугушту.Тараптар соода-экономикалык, энергетикалык жана транспорттук-логистикалык тармактарда кызматташууга тиешелүү маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашты.Президент Садыр Жапаров эки тараптуу байланыштарды мындан ары тереңдетүүнүн, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса...

Ошто айрым маршруттук каттамдардын схемасы убактылуу өзгөрөт

Ош шаарында айрым кичи автобусттук катамдардын жүрүү багыты убактылуу өзгөрөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө ылайык, мындай чара шаардагы Амир-Темур (Калинин) көчөсүн А. Мамыров көчөсүнөн Р. Абдыкадыров көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жол оңдоо иштерине байланыштуу. Төмөнкү каттамдар өзгөрөт:Ош шаардык мэриясы бул өзгөрүүлөр убактылуу гана экенин жана жол оңдоо иштери аяктаганда маршруттар кайрадан...

Куала-Лумпурда КР менен Малайзиянын ортосундагы туризмди өнүктүрүү боюнча кызматташуунун келечеги талкууланды

Кыргызстандын Малайзиядагы элчилигинде элчи Анвар Анарбаев Малайзиянын Туризм, искусство жана маданият министрлигинин атайын агенттиги болгон Ислам туризм борборунун башкы директору Низран Нурдин менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы ислам туризмин өнүктүрүү жана алдыга жылдыруу, туризм сектору үчүн халал стандарттарын иштеп чыгуу жана...

ӨКМ эскертет. Нөшөрлүү жаандан улам сел жүрүү жана таш кулоо коркунучу жогору

Үстүбүздөгү жылдын 26-27-сентябрь күндөрү Кыргызстанда күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана туруксуз аба ырайына байланыштуу тоолуу аймактарда  сел жүрүшү жана унаа жолдордо таш кулоо процесстери активдеши мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМге караштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаменти билдирет. Маалыматка ылайык, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда, айрыкча Ысык-Көл облусунун Тоң, Жети-Өгүз, Ак-Суу, Ысык-Көл жана Түп райондорунда,...

error: