Президент Садыр Жапаров 24-сентябрда Нью-Йорк шаарында (АКШ) өтүп жаткан БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын алкагында Финляндия Республикасынын президенти Александер Стубб менен жолугушту.Кызматташтыкты тереңдетүү маселелери, ошондой эле эл аралык күн тартибинин негизги аспектилери талкууланды.Мамлекет башчысы 2025-жылы Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунда (ЕККУ) төрагалык кылуу Финляндияга өтүп жаткандыгы менен финлянд тарабын...
Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын Жалпы дебаттарынын ачылышына катышты
Президент Садыр Жапаров 24-сентябрда Нью-Йорк шаарында (Америка Кошмо Штаттары) Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын Жалпы дебаттарынын ачылыш аземине катышты.Дебат башталар алдында мамлекет башчысы жана БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриштин саламдашуу салтанаты болуп өттү.Андан соң БУУнун Башкы катчысы дүйнөнүн 193 өлкөсүнүн мамлекет башчылары жана делегациялары катышкан дебаттардын ачылышында баяндамасын жасады.Президент...
Түркиянын белгилүү блогерлери Кыргызстанга келди
«Манас» эл аралык аэропортунда бүгүн боордош Туркиядан келген белгилүү блогерлерди тосуп алуу аземи өттү.Конокторду «Манас» эл аралык аэропорту» ААК Башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов, Кыргызстандын Түркиядагы Соода өкүлү Чынгыз Токтобековдор тосуп алышты.«Бүгүн, боордош, бир-тууган Туркия элинин атактуу, миллиондук катталуучулары бар блогерлери Кыргызстанга келип отурушат. Конокторубуз 24-27-сентябрь күндөрү өлкөбүздүн бардык туристтик жайларын көрүшүп,...
Бишкектин бир бөлүгүндө 25-сентябрда ичүүчү суу өчүрүлөт
Бишкектин бир бөлүгүндө 25-сентябрда саат 10:00дөн 21:00гө чейин ичүүчү суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Мындай чара Чортеков жана Күйүкова көчөлөрүндөгү диаметри 200 мм, 150 мм, 80 мм, 200 мм суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу.Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектешет: - Чатыркөл - Шералиев көч. - Күйүкова көч. - Чортеков көч. -...
Кулубаев Нью-Йоркто Хорватиянын ТИМ башчысы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү
Ушул жылдын 23-сентябрында Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын алкагында КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Хорватиянын тышкы жана европалык иштер министри Гордан Грлич-Радман менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.Ведомстводон билдиришкендей, эки тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө Министр Ж.Кулубаев эки өлкөнүн ортосундагы саясий диалогду колдоо жана соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.Эл аралык уюмдардын...
Энергетика министринин орун басары: Жакынкы 2 жылда абоненттердин бардык эсептегичтер менен камсыздалат
Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын электр энергетика тармагындагы техникалык, коммерциялык жоготуулар жана электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган тутумдары (ЭКЭАТ) жөнүндө» 2024-жылдын 16-январындагы комитеттин чечиминин аткарылышы тууралуу маалымат угулду.Аталган маселе боюнча баяндама жасаган энергетика министринин орун басары Нурлан Садыков...
Ошто этке бирдиктүү баа киргизилди
Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаевдин төрагалыгы астында эттин баасын жөнгө салуу маселеси боюнча жыйын болуп өттү.Ош шаардык мэриясынан билдиришкендей, жыйынга ветеринардык кызматтын, антимонополиянын жана башка тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү, эт сатуучу дүкөндөрдүн ээлери катышты.Жыйында 1 кг уйдун этине бирдиктүү баа 600 сом, ал эми кой этине 620 сом...
“Асман” авиакомпаниясынын учагы алгачкы ирет Бишкек-Талас багыты боюнча асманга көтөрүлдү
Бүгүн Кыргызстандын жарандык авиациясынын тарыхында маанилүү окуя болду – мамлекеттик "Асман" авиакомпаниясынын учагы Бишкек-Талас багыты боюнча биринчи техникалык рейсин ийгиликтүү аткарды. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунан билдиришти. Учуу авиакомпаниянын үзгүлтүксүз учууларды баштоого даярдоо программасынын алкагында уюштурулган.Учактын техникалык персоналы жана экипажы учуудан баштап конууга чейинки учуунун бардык этаптарын кылдаттык менен иштеп чыгышып, коопсуздуктун...
Минкаб зордук-зомбулукту, кыйноолорду жана башка катаал мамилени жана жазалоону медициналык документациялоонун эрежелерин бекитти
Министрлер кабинети зордук-зомбулукту, кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамилени жана жазаны медициналык документациялоонун эрежелерин бекитти. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Документ Кыргыз Республикасы тарабынан Кыйноолорго жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамилеге, жазага каршы Конвенцияны ишке ашыруу жана кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же...
Социалдык контракттын алгачкы ийгиликтүү катышуучулары пайызсыз насыя алышты
Президенттин демилгесине жана министрлер кабинетинин чечимине ылайык социалдык контракттын ийгиликтүү катышуучуларына пайызсыз кредит берилүүдө. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.Насыя берүү “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ачык акционердик коомдору аркылуу ишке ашууда.Алгачкылардан болуп Алай районунун тургуну Жаңылай Биримкулова 2023-жылы аарычылык багытына 100 миң сом...
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагалыгына Женалы Орозбаев келди
Женалы Орозбаев Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Экономика министрлигинен билдиришкендей, бүгүн аны министрликтин борбордук аппаратына тааныштырылды. Эске сала кетсек, Орозбаев буга чейин Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары кызматын аркалап келген.
Бишкекте Месарош көчөсү оңдолууда
2024-жылы жол жумушчулары Месарош көчөсүн Фучик көчөсүнөн туюк жолго чейин капиталдык оңдоону башташкан.Бишкек мэриясынын маалыматына караганда, адистер эски асфальттын сыйруу иштерин жүргүзүүдө.Бордюрду жана ирригациялык системаны орнотуу иштери башталат.Белгилей кетсек, тротуар салуу жана ирригация системасын орнотуу пландалууда.