Бишкекте мамлекеттик кызматкерлерге жумасына эки ирет коомдук транспорт менен жүрүү сунушталды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.Бул демилге 2024-жылдын май айынан бери иштеп келе жатат жана шаарыбыздагы транспорттук кырдаалды жакшыртуу менен мониторинг жана талдоо жүргүзүү зарылчылыгынан улам ишке киргизилген. Ошол эле учурда бардык муниципалдык кызматкерлер бул демилгени колдошту....
Бишкекте IMPULSE Эл аралык театралдык фестивалы башталды
А.Умуралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрында «ИМПУЛЬС» аттуу чакан формалардын IX Эл аралык театралдык фестивалы башталды. Бул жылы фестивалга ар кайсы өлкөлөрдөн, анын ичинде Кыргызстан, Испания, Черногория, Сербия, Армения жана Орусиядан 6 театралдык чыгарма тартууланат.Бишкек мэриясынан кабарлашкандай, фестивалдын ачылыш аземине маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов жана Бишкек...
Жалал-Абад облусуна дем берүүчү гранттардын эсебинен 87,2 млн сомго 61 долбоор каржыланды
Жалал-Абад облусу боюнча 2024-жылдын 8 айына карата дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен 87,2 млн сом суммасында 61 долбоор каржыланды.Финансы министрлигинен билдиришкендей, анын ичинде:Анын ичинен:
Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу дактиль ариби жана жаңсоо тили кыргыз тилинде “сүйлөй” баштайт
Эгемен Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу дактиль ариби жана жаңсоо тили кыргыз тилинде “сүйлөй” баштайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.Маалыматка ылайык, министрлик "Билим жана илим" каналы менен биргеликте жаңы долбоор иштеп чыккан. Долбоор улуттук билим берүүгө 100 жыл, "Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө" мыйзамы кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына...
Ошто мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу курстары башталды
Ош билим берүү институтунда 2024-2025-окуу жылына карата бекитилген жаңы графикке ылайык мугалимдер үчүн кесиптик чеберчиликти жогорулатуу курс башталды, деп билдирет Билим берүү жана илим министрлиги.Жаңы окуу жылында уюштурулуучу курстарда заманбап билим берүү технологиялары жана окутуунун жаңы ыкмаларына өзгөчө көңүл бурулууда.Быйылкы окуу жылындагы курстардын программасында окутуу процессинде жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, мугалимдерге...
Дүйнөлүк банк өкүлдөрү Быстровка ГЭСинде болушту
«Чакан ГЭС» ААКна таандык Быстровка ГЭСинде Дүйнөлүк банктын миссиясынын көчмө жыйыны болуп өттү.Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, бул жыйын Кыргыз Республикасынын кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү долбоорунун алкагында өткөрүлдү.Бул долбоордун алкагында Дүйнөлүк банк «Чакан ГЭС» ААКна 4,6 млн АКШ долларын Быстровка ГЭСин жарым-жартылай реконструкциялоого, техникалык-экономикалык негиздемени (ТЭН) иштеп чыгууга,...
Дохада азык-түлүк коопсуздугу жаатындагы кыргыз-катар кызматташтыгы талкууланды
Кыргызстандын Катардагы элчиси Марат Нуралиев аталган өлкөнүн муниципалитет министри Абдулла бин Хамад бин Абдулла Аль-Атия менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет. Тараптардын жолугушуусу 19-сентябрда Доха шаарында өткөн.Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-катар эки тараптуу кызматташтыгын бекемдөөнүн келечегин жана эки өлкөнүн борбор шаарларынын ортосунда тажрыйба алмашуунун жолдорун талкуулашты.Мындан тышкары тараптар,...
Нурия Кутнаева, санариптик өнүктүрүү министри: Никени каттоого арызды онлайн түрдө берсе болот
Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева Биринчи радиодо билдирди.Айтымында, министрлик Калкты тейлөө борборлорундагы кезекти азайтуу үчүн бардыгын санарип форматына өткөрүүгө аракеттенүүдө. “Жакында жарандар дагы бир нече инновациялык кадамдарга күбө болушат. Мисалы, биз жашаган жер боюнча катталуу арыздарын онлайн-форматка өткөрүп жатабыз. Биз баарын уюлдук тиркеме аркылуу ишке ашырууга умтулуудабыз. Анын үстүндө...
Көңүл буруңуздар! Сүйүмбаев жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилиши 4 күнгө жабылат
“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы 24-сентябрдан 28-сентябрга чейин Сүйүмбаев-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишин убактылуу жапты. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.Билдирүүгө ылайык, мындай чара Чүй проспектисинен Москва көчөсүнө чейин ШМА (майдаланган-мастик асфальтбетон) төшөө иштерине байланыштуу жабылат. Эске сала кетсек, Сүйүмбаев көчөсүн бойлой Жибек Жолу проспектисинен Москва көчөсүнө чейинки жолду капиталдык оңдоо иштери 2024-жылдын...
Эмгек министрлиги: Кыргызстанда 19 кризистик борбор бар
Облустар боюнча караганда, кризистик борборлор төмөнкүдөй жайгашкан: - Бишкек шаарында – 3 борбор. - Ош облусунда – 5 борбор. - Нарын облусунда – 2 борбор. - Талас облусунда – 1 борбор. - Баткен облусунда – 1 борбор. - Жалал-Абад облусунда – 1 борбор. - Ысык-Көл облусунда – 5 борбор. Андан тышкары, учурда...
Новопавловкада жолдорду капиталдык оңдоо жүргүзүлүүдө
"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы шаар боюнча жолдорду жана тротуарларды, анын ичинде жаңы МАБдардын жолдорун капиталдык оңдоону улантууда.Мэриянын маалыматына караганда, Деповская көчөсүндө Фрунзе көчөсүнөн Новопавлов орто мектеп-гимназиясына чейин жолчулар тарабынан иштер жүргүзүлүүдө.Адистер эски асфальтын сыйрып, ирригация системасын жана тротуар бордюрларын орнотушту, ошондой эле тротуарга асфальт төшөө үчүн даярдап жатышат.Белгилей кетсек, административдик-аймактык реформага ылайык,...
Бишкекте адабий кече өттү
Бишкек шаарынын борборлоштурулган китепкана тармагына Төлөгөн Касымбековдун ысымы ыйгарылды. Бул окуянын урматына жазуучунун чыгармасынын негизинде “Сынган кылыч – кылым китеби” деген темада адабий кече өткөрүлдү. Адабий кече ошондой эле «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына арналып, КР президентинин «2022-2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук...