Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов БУУнун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары боюнча атайын баяндамачысы Хеба Хаграс менен жолугушту, деп билдирет министрлер кабинетинин басма сөз кызматы. Жолугушууга ошондой эле эл аралык өнөктөштөр, анын ичинде БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын Борбордук Азиядагы аймактык башкармалыгынын жетекчиси, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты....
ИИМде маалыматтык технологиялар бөлүктөрүнүн түзүлгөн күнү белгиленди
Бүгүн Ички иштер министрлигинде маалыматтык технологиялар бөлүктөрүнүн түзүлгөндүгүнүн 106 жылдыгын майрамдоого арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Иш-чарага ички иштер министринин орун басары Суюнбек Ниязбеков, КР ИИМдин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын өздүк курамы жана аймактык маалыматтык технологиялар бөлүмдөрүнүн кызматкерлери катышты.Министрдин орун басары өз сөзүндө кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө ички...
Кыргызстандык боксчулар Кытайда өтчү эл аралык мелдешке катышат
Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Кытайдын Үрүмчү шаарында өтчү эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Мелдештер 25-сентябрда башталып, 10-октябрда жыйынтыкталат.Курама команданын тизмеси:Курама команда башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулу жана машыктыруучу Темирлан Осмоновдун жетекчилиги алдында мелдешке катышат.
Бишкекте агроөнөржай көргөзмөсү жана айыл чарба азыктарынын жарманкеси өтөт
Ушул жылдын 18-октябрынан 20-октябрга чейинки аралыкта Бишкекте Т.Усубалиев атындагы аянтта республикалык “АгроТехЭкспо-2024” агроөнөржай көргөзмөсүн жана “Алтын күз” айыл чарба азыктарынын жарманкесин өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. “АгроТехЭкспо-2024” – бул Кыргызстандагы дүйнөнүн алдыңкы айыл чарба техникаларын өндүргөн ишканалардын техникаларынын бардык түрүн жана алдыңкы технологияларын...
Бишкек мэриясында Франциянын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушуу өттү
Муниципалитеттин имаратында Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева менен Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николас Феайдын жолугушуусу өттү.Мэриядан билдиришкендей, элчиси сылык сапары менен келди. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар маданий-гуманитардык чөйрөдө өз ара пайдалуу кызматташуунун келечегин талкуулашты. Тараптар маданий-билим берүү долбоорлорун колдоого, искусство жана маданият тармагында тажрыйба алмашууга, ошондой эле биргелешкен иш-чараларды ишке ашырууга багытталган...
Акылбек Жапаров маморгандарга жыл аягына чейин бардык үйлөрдү камсыздандырууну тапшырды
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2024-жылдын 9 айында республиканын ар кайсы аймактарында болгон селдердин кесепеттерин жоюу боюнча кеңешме өткөрдү.Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушууда учурдагы көйгөйлөр гана эмес, келечекте ушундай кырсыктарды болтурбоо боюнча узак мөөнөттүү стратегиялар да талкууланды. Жыйында өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеевдин берген маалыматына караганда, Кыргызстанда 2024-жылдын сентябрына...
Кыргызстандык студенттер КМШнын Эл аралык студенттик конгрессине катыша алат
Кыргызстандык студенттер КМШнын Эл аралык студенттик конгрессине катыша алат.Иш-чара 27-сентябрга пландалган, анын башкы темасы — туризмди өнүктүрүү. Конгресстин ишине КМШ өлкөлөрүнүн 100 университетинен жана орто атайын окуу жайларынан жыйырма миңге жакын студент катышат деп күтүлүүдө. Алар келечектин туризми жана туризмдин келечеги тууралуу талкууларды жүргүзүшөт. Конгресстин баяндамачылары россиялык жана туризм тармагынын эл аралык лидерлери болмокчу.Конгресс...
Бишкекте транспорт салыгын төлөбөгөндөргө рейд жүрүүдө
Свердлов районунда кыймылдуу мүлк салыгын толук жыйноону камсыз кылуу боюнча рейддик иш-чаралар жүргүзүлүүдө, деп билдирет шаардык мэриянын басма сөз кызматы. Алсак, 4-топтогу мүлк салыгын төлөө мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу муниципалдык администрация Мамлекеттик салык кызматынын Свердлов району боюнча башкармалыгынын, Бишкек шаарынын Патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте транспорт каражаттарына салык төлөбөгөн адамдарды...
Кыргызстанда бир жумада 14 миңден ашуун жол эрежесин бузуу фактысы катталды
Кыргызстандын аймагында 16-сентябрдан 22-сентябрга чейинки аралыкта алдын ала маалымат боюнча, 14 миң 617 жол эрежесин бузуу фактылары катталды.Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:Ал эми ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 миң 507 автоунаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.КР ИИМдин ЖКККББсы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого...
Кызыл-Кыяда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен мамлекетке кайтарылды
Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында мурда мыйзамсыз менчиктештирилип жалпы аянты 3,61 га жер тилкеси, жалпы сметалык баасы 681 миллион сомдон ашык болгон имараттары менен кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирет. УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин аныктоо жана мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иштерди улантууда.Тактап айтканда, «Кылмыштардын бириктүү реестри» автоматташтырылган маалыматтык...
Бишкекте Мамлекеттик тил күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү
Бишкекте Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өттү. Ага Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов катышып, президент Садыр Жапаровдун Мамлекеттик тил күнүнө карата куттуктоо сөзүн окуду. Иш-чара КР президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия...
Бишкектеги мектептерде баңгизаттын адамдын организмине зыяны тууралуу лекциялар өтүүдө
Бишкектеги мектептерде баңгизаттын адамдын организмине зыяны тууралуу лекциялар өтүүдө, деп билдирет муниципалитеттин маалымат кызматы.Алсак, “Салам мектеп” алдын алуу иш-чаралардын алкагында Биринчи май муниципалдык администациясы БМЖККК кызматкерлери менен биргеликте Бишкек шаарындагы А. Каниметов атындагы №1 жалпы билим берүүчү гимназия – интернаттын 10-11-классынын окуучулары үчүн “Баңгизаттын адамдын организмине зыяны” жана “Жаштар арасында...