Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин 23-сентябрдагы отурумунда 2023-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин аткарылышы жөнүндө маселе каралды. Жыйында финансы министринин орун басары Үмүтжан Аманбаев 2023-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин аткарылышы жөнүндө маалымат берди. Мындан тышкары, депутаттардын суроолоруна тиешелүү министрликтердин өкүлдөрү жооп беришти. Талкуу учурунда депутат Алишер...
Чукул билдирүү! Кыргызстанда аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт
Кыргызгидромет аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты. Синоптиктердин маалыматына караганда, 26-27-сентябрда Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт.Түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондорунда кар, айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.27-сентябрда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Иссык-Көл, Нарын облстарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.Түндүк-батыштан соккон шамалдын...
Опера жана балет театрында Гаэтано Доницеттинин эки көшөгөлүү опера-фарсынын премьерасы болот
Бишкектеги А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында Гаэтано Доницеттинин “Театрдагы тартип жана ызы-чуу” же “Viva. La mamma!” эки көшөгөлүү опера-фарсынын премьерасы болот. Театрдын адабий-драмалык белүмүнүн башчысы Елена Мягкова билдиргендей,спектаклды 28-29-сентябрь жана 5-6-октябрь күндөрү көрүүгө болот. Башталышы саат 19:00дө.“Театрдагы тартип жана ызы-чуу” провинциялык италиялык театрда опера коюуу жөнүндө фарс, Гаэтано...
Бишкектин свердлов районунда ишкерлери менен жолугушуу өттү
Свердлов акимиатында «Ишкерлердин укугун коргоо» темасында райондун ишкерлери менен жолугушуу болуп өттү, деп билдирет Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы. Жолугушууга Свердлов району боюнча муниципалдык администрациянын, Свердлов райондук прокуратурасынын, ИИБнын, салык кызматынын, МСЭКБ, Бишкек шаары боюнча мамлекеттик архитектура курулуш контролдоо башкармалыгынын, Бишкек шаардык ветеринардык башкармалыгынын, өсүмдүктөрдү коргоо жана карантинди химиялаштыруу департаментинин,...
Кытайда кыргыз делегациясы дүйнөдөгү эң ири “Үч капчыгай” ГЭСине барды
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Кытай Эл Республикасынын Хубэй провинциясында жайгашкан дүйнө жүзүндөгү эң ири гидроэлектростанция делген “Үч капчыгайга” барды. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, Кыргызстандан барган делегациясынын курамында Энергетика министри Таалайбек Ибраев, “Курулуп жаткан электр станциялары” дирекциясы, Электр станциялары сыяктуу...
Ысык-Көлдүн 45 миң тургуну ичүүчү суу менен камсыз болот
"Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу" долбоорунун алкагында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз жана Тоң райондорунун 45 миң тургуну таза суу менен камсыздоо боюнча иштер активдүү жүрүүдө. Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, Кызыл-Суу, Кажы-Сай жана Бөкөнбаев йылдарынын калкы сапаттуу жана коопсуз ичүүчү сууменен камсыз болот.Долбоор Кыргыз Республикасынын Баткен жана Ысык-Көл облусундарындагы 31 айылды камтыйт....
УКМК: Базар-Коргондо чиновник системалуу түрдө жарандардан акча чогултуп жүргөн
Жалал-Абад облусунда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кызматкери жарандардан системалуу түрдө акча талап кылгандыгы үчүн кармалды, деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы. Маалыматка ылайык, Базар-Коргон районунун жашоочуларынан бир нече жолу арыз жана даттануулар келип түшкөндүктөн, УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон...
Нью-Йоркто кыргыз-герман кызматташтыгын тереңдетүү маселелери талкууланды
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 22-сентябрда Нью-Йорк шаарында (АКШ) өтүп жаткан Келечек саммитинин талаасында Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык канцлери Олаф Шольц менен жолугушту.Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, экономикалык, инвестициялык жана билим берүү чөйрөлөрүндө кыргыз-герман кызматташтыгын тереңдетүү маселелери талкууланды.Мамлекет башчысы Германияга туруктуу өнүгүү жана социалдык-экономикалык реформалар жаатындагы ар дайым колдоосу үчүн ыраазычылык...
Жалал-Абадда жаңы Юстиция үйүнүн курулушу башталды
Жалал-Абад шаарында Жалал-Абад облустук юстиция башкармалыгынын имаратын курулушу башталды. Бул тууралуу Юстиция министрлигинен билдиришти.Курулуш аянтына юстиция министри Аяз Баетов барды.Жаңы Юстиция Үйү Пушкин 51 көчөсүндө жайгашкан, 1954-жылы курулган нотариалдык кеңсенин бузулган авариялык имаратынын ордуна тургузулган. Ал эми юстиция башкармалыгы өзү көптөн бери мурдагы "Аленушка" бала бакчасынын имаратында жайгашкан жана аны...
Кыргызстанда 36 миң педагог санариптик сабаттуулугун жогорулатты
Кыргызстанда 36 миң педагог санариптик сабаттуулугун жогорулатты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Педагогдор окутууда компьютер менен иштөөнүн негизги көндүмдөрүн, сабактарда Интернетти колдонууну, окуу материалдары менен өз алдынча иштөөнү, Microsoft Wordдо документтерди түзүү жана редакциялоону, презентацияларды түзүү, Google-продуктыларын (Google Forms, Google Classroom, Google Meet) билим берүү...
Бул жергиликтүү кеңештерге шайлоодо практика жүзүндө кандай иштейт?
Шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок туруктуу катталган жери боюнча шайлоо участогунда добуш берүүгө мүмкүнчүлүгү жок шайлоочулар аралыктан добуш берүүгө катышууга арыз бере алышат.Аралыктан добуш берүү шайлоо участкасынын иштөө принциби:Ар бир шайлоо участогунда шайлоо участокторунун саны тигил же бул участкадагы шайлоочулардын санына жараша болот: 900 шайлоочуга 1 шайлоо участогу.Шайлоочу шайлоо участогунун номери...
Минкаб төрагасы Курук-Сай айылындагы кирпич чыгаруучу заводдун ишмердүүлүгү менен таанышты
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Барпы айыл аймагынын Курук-Сай айылындагы кирпич чыгаруучу заводдун ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинен кбаарлашты.Мындан тышкары, облустук мамлекеттик администрациянын жаңы имаратынын курулушу, ошондой эле Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жаңы окуу жана административдик имараттарынын абалы менен таанышты.Сапардын...