Сентябрь 2024 – 19 барак – ИА Караван Инфо

Кыргызстанда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыргызстанда очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, жер титирөө 23-сентябрда таңкы саат 05:34тө катталган.Жер титирөө Нарын облусунун Жумгал районунун Кызарт, Жумгал айылдарында 3 баллга (Кызарт айылынан 3 чакырым чыгышта, Жумгал айылынан 3 чакырым түштүк чыгышта) чейин сезилген.Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор...

Бишкекте «Snow Leopard Run 2024» бешинчи жарым марафону өтөт

Жарышуу салт боюнча борбордук «Ала-Тоо» аянтында башталат. Маршрут Чүй проспектиси, Юсуп Абдрахманов көчөсү, ВДНХ Чыңгыз Айтматов проспектисин камтыйт. Жарым марафонго быйыл 4.5 миңдей адам катышары күтүлүүдө. Каттоо төмөнкү аралыктарга жүргүзүлөт: 5 км, 14 км, 21.1 км, ошондой эле үч жаштан он үч жашка чейинки балдар үчүн «Kulikov Kid’s Run» жарышына...

Бишкекте чуңкурларды жамоо оңдоо уланууда

Бишкекте жолдорду жана тротуарларды капиталдык оңдоо иштери кызуу аяктап жатат. Ошону менен катар жолчулар шаарды көрктөндүрүп, кышка даярданууну улантууда.Муниципалитеттин маалыматына караганда, жолчулар капиталдык оңдоодон тышкары жолдогу кемчиликтерди жоюу иштерин жүргүзүүдө. Алыкулов жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде карталык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле Шабдан Баатыр көчөсү 7-апрель көчөсүнөн М.Ауэзов көчөсүнө чейин чуңкурларды...

Жалал-Абадда үч миң адамга ылайыкталган мечит ачылды

Жалал-Абад шаарынын Достук аймактык башкармалыгында “Достук” мечитинин салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Үч миң адамга ылайыкташкан мечиттин курулушуна "Ас-Санабил" кайрымдуулук фонду демөөрчүлүк кылган. Анын ачылышына облус башчысы Тилек Текебаев, Бүткүл дүйнөлүк Ислам жаштары ассамблеямынын Кыргызстандагы өкүлү, "Ас-Санабил" кайрымдуулук фондунун башчысы Саид Баюми, жергиликтүү бийлик жана шаар тургундары катышты.

Акылбек Жапаров «Кыргыз маданият сервис» ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу «Кыргыз маданият сервис» мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгү боюнча бир катар тапшырмаларды берди. Министрлер кабинетинин башчысы тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен биргеликте министрликтин балансына өтө турган имаратты жана кампаларды көрүп чыкты. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтовдун айтымында, «Кыргыз...

24-сентябрда Бишкектин айрым жерлеринде суу убактылуу өчүрүлөт

24-сентябрда саат 09:00дөн 21:00гө чейин Бишкектин айрым жерлеринде суу өчүрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты. Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектелген: - темир жол линиясы - Фрунзе көч — Аламүдүн суусу - Панфилов көч; - темир жол линиясы - Матросов көч - Горький көч - Гвардейский көч- Бектенов көч. -Скрябин көч -...

Кыргыз тилин жеңил үйрөнүүнү каалагандар үчүн мобилдик тиркеме иштелип чыкты

Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы кыргыз тилин жеңил үйрөтүүчү "Кыргызча оңой"/"Easy Kyrgyz" мобилдик колдонмосунун презентациясын жасады. Тиркеме кыргыз тилин жеңил үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берет.Мобилдик колдонмонун долбоорунун жетекчиси Данияр Карабаев. Тиркеме Android жана iOS системаларында жеткиликтүү.

Египеттин президенти Уламалар кеңешинин төрагасы Замир Ракиевди сыйлады

16-сентябрда Каирде иш-чара болуп, анда динге кошкон салымы жана элге кызматы үчүн өзгөчөлөнгөн инсандарга мамлекеттик ардактуу медалдар тапшырылды.Иш-чарага Египеттин президенти Абдел Фаттах Саид Хусейн Халил ас-Сиси да катышып, Замир Ракиевге исламдын салттуу багытын өнүктүрүүгө жана жайылтууга кошкон өзгөчө салымы жана ислам дининин өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн «Илим жана маданият» медалын...

Садыр Жапаров БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров 22-сентябрда Нью-Йорк шаарында (АКШ) Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Катчылыгынын имаратында БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту.Жолугушуунун алдында Садыр Жапаров БУУнун ардактуу коноктор китебине Уюмга жакшы каалоо-тилектери менен жазуу калтырды.Антониу Гутерриш Мамлекет башчысы менен учурашып жатып, анын Кыргызстанга болгон сапарында көрсөтүлгөн меймандостугу жана жылуу мамилеси үчүн ыраазычылык билдирди.Ал...

Садыр Жапаров Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров 22-сентябрда Нью-Йоркто (АКШ) өтүп жаткан Келечек саммитинин талаасында Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель менен жолугушту.Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы кызматташтыктын негизги маселелери саясий диалогду жана экономикалык өз ара аракеттенүүнү бекемдөө контекстинде талкууланды.Ал Кыргызстан Европа биримдигинин өлкөнүн прогрессивдүү жана туруктуу өнүгүүсүн камсыздоого кошкон салымын жогору баалай турганын баса...

Чүй облустук театры быйылкы сезонун “Жолугушчу жолдор бар”  спектакли менен ачты

Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук театры быйылкы, 34-сезонун "Жолугушчу жолдор бар"  аттуу жаңы спектакль менен ачты. Театрдан билдиришкендей, спектакль драматург Медетбек Сейталиевдин “Алыкул” пьесасынын негизинде эмгек сиңирген артист, театрдын көркөм жетекчиси Оросбек Айдаров тарабынан сахналаштырылган. Көрүүчүлөр спектаклдын алдында фойеде белгилүү кыргыз поэти Алыкул Осмоновдун өмүрү жана чыгармалыгына арналып уюштурулган сүрөт көргөзмөсүнө күбө болушту.Жаңы спектакль аншлаг менен...

Бишкекте Мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына карата майрамдык иш-чаралар өтүүдө

Бишкекте Мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынгандыгынын  35 жылдыгына карата, ошондой эле президенттин "2022-2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программаны бекитүү тууралуу” Жарлыгын аткаруу максатында майрамдык иш-чаралар өтүүдө. Биринчи май районундагы №108 мектепте майрамдык иш-чара өттү. Мектеп окуучулары бай маданий программа даярдашты. Иш-чаранын негизги учурларынын бири “Манас” эпосунан үзүндү аткаруу...

error: