Сентябрь 2024 – 2 барак – ИА Караван Инфо

Каарманбек Байдавлетов саламаттык сактоо министринин орун басары болуп дайындалды

Каарманбек Байдавлетов саламаттык сактоо министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. ССнын маалымат кызматынан кабарлашкандай, бүгүн КР президентинин администрациясынын өнөр жай саясаты бөлүмүнүн башкы эксперти Элден Калчакеев Саламаттык сактоо министрлигинин борбордук аппаратына министрдин жаңы орун басарын тааныштырды. 

Кыргызстан менен Россиянын эксперттик-криминалистикалык бөлүктөрүнүн жетекчилеринин жолугушуусу өттү

Россия Федерациясынын Москва шаарында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Эксперттик-криминалисттик кызматынын башчысы Александр Иванов менен Россия Федерациясынын ИИМдин Эксперттик-криминалисттик борборунун башчысы Вадим Казьмин менен эки тараптуу жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.Маалыматка ылайык, анда эксперттик-криминалистикалык ишмердүүлүк жаатында мындан аркы кызматташуу, кылмыштарды иликтөөдө заманбап технологияларды колдонуу боюнча тажрыйба...

Жеке маалыматтарыңызды кантип коргой аласыз?

Өзүңүздүн аты-жөнүңүздү, фамилияңызды жана үй-бүлөлүк абалыңызды айтпаңыз, андан тышкары бейтааныш адамдарга сиздин документтериңизди сүрөткө тартып же көчүрмөсүн жасоого жол бербеңиз.2.    Паспортуңуздун сүрөтүн интернетке жайгаштырбаңыз жана аны электрондук почта же мессенджер (Telegram, WhatsApp) аркылуу жөнөтпөңүз. Мамлекеттик органдардан же банктардан кызмат алууда гана паспортуңузду көрсөтө аласыз.3.    Банк карталарыңыз тууралуу маалыматты бөлүшпөңүзБанк...

Жалал-Абадда жер титирөө катталды

Кыргызстандын аймагында жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 30-сентябрда саат 15:25те катталып, очуганда күчү 3 баллга жеткен.Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Жетиген, Чалдыбар айылдарында 2,5 баллга (Жетиген айылынан 8 чакырым түштүктө, Чалдыбар айылынан 9 чакырым түштүк батышта) чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана...

ЕӨБ Кыргызстанда 9 мектеп курат

Анын алкагында Евразия өнүктүрүү банкы Кыргыз Республикасында 9 жалпы билим берүү уюмдарынын курулушун, аларды материалдык-техникалык жабдууну жана Кыргыз Республикасына акысыз жана кайтарымсыз (гранттык) негизде өткөрүп берүүнү камсыз кылат.Ал эми эл өкүлү Жумабек Салымбеков Билим берүү жана илим министрлигинин мектепттерди гимназия жана лицей макамынан ажыратуу жаатындагы реформаларына көңүл бурса, депутат Азамат...

“Евразия” уюму Кыргызстанга дагы 50 мектеп автобусун белекке берди

“Евразия” автономиялык коммерциялык эмес уюму Кыргызстанга дагы 50 мектеп автобусун белекке берди. Бул тууралуу Россиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты, "Евразия" кеңешинин төрайымы Алена Аршинова Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди.Анын айтымында, келишимдин алкагында "Евразия" буга чейин республикага эң заманбап коопсуздук стандарттары менен жабдылган 50 мектеп автобусун берген.“Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн жана билим берүүнүн 100...

Кыргызстан Казакстанда өтүп жаткан “Бузулбас  бир туугандыкка” катышууда

Машыгууну 26-сентябрдан 7-октябрга чейин өткөрүү пландалууда. 26-сентябрдан 30-сентябрга чейинки убакыт иш чаранын ээси болгон Казакстанга аскердик контингенттерди кайра топтоо үчүн бөлүнгөн. “Бузулбас бир туугандык – 2024” иш чарасынын жүрүшүндө аскер кызматкерлери ЖККУнун Жамааттык тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн тынчтыкты сактоо операциясын даярдоо жана өткөрүү боюнча машыгуудан өтүшү керек.Тынчтыкты сактоо уюмдун ишмердүүлүгүнүн маңызына айланды,...

Кыргызстандагы эң узун тоннелдин курулушу кайсы стадияда? Транспорт министрлигинин жообу

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен Кыргызстандагы эң узун тоннелдин курулушу кайсыл стадияда экендигин тууралуу маалымат беришти. Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, Жалал-Абад облусундагы Көк-Арт ашуусу аркылуу өтө турган тоннелдин курулуш иштерин үстүбүздөгү жылдын 1-декабрында аяктоо мерчемделүүдө.Деңиз деңгээлинен 2500 метр бийиктикте салынып жаткан объектинин узундугу — 3890 метр, туурасы — 10, 6 жана кеңейтилген участоктордун кеңдиги...

Депутат онкологиялык оорулуулар үчүн дары-дармектердин аналогдорун берүүнү сунуштады

Аталган маселе боюнча Саламаттык сактоо министринин орун басары Медербек Исмаилов маалымат берди. Анын айтымында, мекеменин 2023-жыл үчүн такталган бюджети 30 млрд 85 млн сом түзүп, иш жүзүндө 29 млрд 550 млн сомго аткарылды.Ал эми комитет төрайымы Винера Раимбачаева онкологиялык оорулар менен жабыркаган жарандарды дарылоого өзгөчө көңүл буруп, аларды дженериктер менен,...

Борбор Азия жана Түштүк Кавказга климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу үчүн жылына 38 миллиард доллар керектелет

Бул тууралуу БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү Александра Соловьева Бишкекте өткөн адаптацияны пландаштыруу жана климатты каржылоо маселелерине арналган конференцияда Дүйнөлүк банктын маалыматтарына таянуу менен билдирди.Мындан улам Соловьева Борбор Азия өлкөлөрүнүн климаттык каржылоого жетүүсүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. “Климаттык каржылоого жана заманбап технологияларга жетүү экономикалык жоготууларды азайтууда, чөйрөнүн туруктуулугун жана...

Кыргызстанга Кореянын «Чунгбук» технопаркынын президенти баштаган ишкерлер делегациясы келди

Кыргызстанга Корея Республикасынын «Чунгбук» технопаркынын президенти О Вон Гын баштаган ишкерлер делегациясы келди. Бул тууралуу КР Соода-өнөр жай палатасынан билдииршти. Маалыматка ылайык, иш сапардын алкагында КРнын Соода-өнөр жай палатасы (КР СӨП) менен «Чунгбук» технопаркынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.Бул документ өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүү, инновациялык технологиялар менен алмашуу, өнөр...

Акылбек Жапаров иш сапары менен Арменияга барат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров иш сапары менен Ереван шаарына (Армения Республикасы) барат. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. Сапардын алкагында министрлер кабинетинин башчысы Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына катышат, ошондой эле Евразия экономикалык форумунун пленардык жыйынында сөз сүйлөйт.  Мындан тышкары бир катар жолугушуулар пландалууда.Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына Армениянын премьер-министри Никол...

error: