Бүгүн Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин кызматкерлери ишембиликке чыгышты.Белгиленген тилкелерди таштандылардан тазалоо, чогултуу жумуштары аткарылды. Мындай иш-аракеттер ар аптанын ишемби күндөрү жүрүүдө.Алмата көчөсүнүн Эне-Сай конушуна бурулган жерден тартып, Бишкектин түндүк тарабындагы айланган жолго чейинки аралыктагы таштанды теришти. Натыйжада жолдун эки бетиндеги кыска аралыктан эле...
Таласта «Жерүй» ГЭСи курулат – «Альянс Гидро» ЖЧКсынын башкы директору Александр Абрамов
Анда Талас облусунда баасы 40 млн долларга бааланган «Жерүй» гидроэлектростанциясынын курулушун каржылоо боюнча макулдашууга кол коюлду.Абрамовдун айтымында, 2022-жылдын декабрь айында «Росатом Борбордук Азия» компаниясы аталган долбоорду ишке ашыруу боюнча техникалык-экономикалык негиздеме даярдаган. Долбоор кубаттуулугу 28 МВт болгон, жылдык өндүркмү саатына 100 млн Квт болгон ГЭС курууну максаттайт.«Учурда макулдашуунун 25 млн...
Жамааттык ЖМКлардын өкүлдөрү Кыргызстандагы климаттын өзгөрүшү жана адаптациялоо жолдору боюнча тренингге катышты
Иш-чара эки негизги теманы камтыды: “Кыргызстандагы климаттын өзгөрүшү жана анын өлкө үчүн кесепеттери” жана “климаттык журналистика: аймактык деңгээлде жеткиликтүү контентти түзүү”. Тренингге Нарын, Талас, Чүй жана Жалал-Абад облустарынан, ошондой эле Бишкектен журналисттер катышты.Тренингдин максаты журналисттердин климат маселелерин чагылдыруудагы кесиптик көндүмдөрүн жогорулатуу, ошондой эле коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу жана маалымдоо аркылуу региондордун...
Эгерде Сизди мыйзамсыз иштен кетирсе эмне кылуу керек?
Иш берүүчүгө бир нускасын бериңиз, экинчи нускада кабыл алынгандыгы жөнүндө белгини (каттоо номери, датасы, кызматы, кабыл алган кызматкердин аты-жөнү жана колу) сураңыз жана аны өзүңүзгө калтырыңыз.Эгерде иш берүүчү арызды кабыл алуудан же кабыл алынгандыгын белгилөөдөн баш тартса, арызды билдирүү менен жана тиркеменин сыпаттамасы менен заказдык почта аркылуу жөнөтүңүз.Сайт аркылуу Эмгек...
Бишкекте Түрк тилдүү мамлекеттердин Жасалма интеллектиси боюнча саммити болуп өтөт
Бул эки күндүк иш-чара түрк тилдүү жана Борбор Азия өлкөлөрдүн алдыңкы серепчилерин, мамлекеттик органдарынын, бизнес жана Маалыматтык технологиялар коомчулугунун өкүлдөрүн бириктире турган эки күндүк иш-чара.Саммитке Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркия өлкөлөрү катышса, Түркмөнстан менен Мажарстан (Венгрия) байкоочу статусунда.Күн тартипте:
Садыр Жапаров иш сапары менен Нью-Йоркко жөнөп кетти — коштоп кеткендер
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-сентябрда, Нью-Йорк шаарына (Америка Кошмо Штаттары) БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чараларына катышуу үчүн жөнөп кетти.Сапардын алкагында мамлекет башчысы Келечек Саммитинин ишине катышып, БУУнун Башкы ассамблеясынын жалпы дебаттарында сөз сүйлөйт.Мындан тышкары, БУУнун Башкы Ассамблеясынын талааларында БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен, жана бир катар эки...
Ош шаарында ишкерлер күнү белгиленди
Ош шаарынын мэриясында Кыргызстандын ишкерлер күнүнө арналган сыйлоо аземи болуп өттү.Сыйлоо аземине Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев катышып, жеке демилгеси менен аракеттенип, жашоонун түрдүү чөйрөлөрүндө эмгектенип келе жаткан бардык ишкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады.Ошондой эле шаардын экономикалык жактан өнүгүүсүнө салым кошкон ишкерлерди жана ишкана, компанияларды Ош шаарынын мэриясынын...
Кыргызстандын комбанктарынын Кытай банктары менен кызматташуу маселеси талкууланды
Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасы Мелис Тургунбаев Кытай Эл банкынын төрагасынын орун басары Чжан Цинсун менен жолугушту. Бул тууралуу финансылык жөнгө салуучу органдан билдиришти. Тараптардын жолугушуусу 20-сентябрда Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-кытай комиссиясынын 16-жыйынына катышуунун алкагында Кытайдын Пекин шаарында өткөн.Жолугушууга ошондой эле Кыргызстандын финансы министри Алмаз Бакетаев жана экономика жана коммерция министри Данияр...
Бишкекте жаңыланган Ала-Тоо аянтынын расмий ачылды
Бишкектеги борбордук Ала-Тоо аянты одоп-түзөө иштеринен кийин расмий ачылды. Салтанаттуу иш-чара бүгүн, 21-сентябрда калаа башчысы Айбек Жунушалиевдин катышуусунда өттү. Реконструкциялоо иштеринин алкагында аянтта жаңы фонтандар, анын ичинде беш шаркыратма орнотулган.Эски таш плиталар алмаштырылып, тепкичтин кызыл гранити реконструкцияланган. Калыңдыгы 5 сантиметрге чейин бөлүнүп, тегизделип, гранит плиталары төшөлдү. Бүгүнкү күндө 16 459,59 м² гранит плита төшөлгөн. Кыргызстанда биринчи...
Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борборунун директорлугуна Бактыгүл Иманбек кызы дайындалды
Бактыгүл Иманбек кызы Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борборунун директору болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров кол койду.
“Келечек” реабилитациялык борборунда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата иш-чара өткөрүлдү
"Келечек" реабилитациялык борборунда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чарага эмгек министринин орун басары Кыял Жанузакова катышты.Иш-чара Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн кайра жаралуусуна, ошондой эле 23-сентябрда боло турган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө арналды."Өлкөбүздүн кайра...
Элчи Идрис Кадыркулов Болгариянын президентине ишеним грамотасын тапшырды
София шаарында 18-сентябрда Кыргызстандын элчиси Идрис Кадыркулов Болгариянын президенти Румен Радевге ишеним грамотасын тапшырды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Расмий аземден кийин эки тараптуу кыргыз-болгар кызматташтыгынын актуалдуу темалары, анын ичинде регионалдык жана эл аралык мүнөздөгү маселелер өз-өзүнчө талкууланды. Жыйынтыгында эки мамлекеттин өз ара пайдалуу кызыкчылыктарын эске алуу менен...