Кыргызстанда кызамык илдетинин катталуу учурлары азайып баратат. Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, бирок вирустун негизги жүгүртүүсү Бишкек шаарында жана Чүй облусунун борборго чектеш эки районунда байкалууда, бул жерде вирустун жайылышы стационардык очоктор тарабынан коштолууда.Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматы боюнча, 1-сентябрдан 17-сентябрга чейин республика боюнча кызамык оорусуна чалдыккан 49 учур катталган. Ал...
Садыр Жапаров белгилүү музыканттар Даниэль Лозакович менен Элен Мерсьенин концертине барды
Президент Садыр Жапаров 20-сентябрда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөн дүйнөгө белгилүү скрипкачы Даниэль Лозакович менен атактуу пианист Элен Мерсьенин классикалык музыка концертине барды.Музыканттар биринчи жолу өз таланттарын бириктирип, эмоцияга толгон жана техникалык жактан мыкты уникалдуу программа түзүп, Бахтын, Брамстын сонаталарын жана виртуоздук пьесаларды аткарышып, көрүүчүлөрдү чеберчилиги менен таң калтырышты.Концерттен кийин президент...
Президент Садыр Жапаров Нью-Йоркко иш сапары менен барат
Президент Садыр Жапаров 21-24-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чараларына катышуу үчүн иш сапары менен Нью-Йорк шаарына (АКШ) барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди."22-сентябрда мамлекет башчысы Келечек Саммитинин ишине катышат, анын алкагында "Келечек пактынын" жыйынтыктоочу документи кабыл алынат. 24-сентябрда, өткөн жылдагыдай эле, Садыр Жапаров...
Кыргызстандык дүйнөгө белгилүү D Billions тобу A’Studio менен биргеликте жаңы чыгарма жаратты
YouTube платформасында 50 миллиарддан ашык көрүүлөрү менен балдарга арналган эң белгилүү контент жаратуучулар болгон кыргызстандык D Billions чыгармачыл тобу жаңы англис тилиндеги Smile аттуу синглин чыгарганын кубаныч менен жарыялайт. Бул сингл Казакстандын легендарлуу A'Studio тобу менен биргеликте жазылганы уникалдуу долбоор болуп саналат.Smile музыкалык видеосу жана треги 2024-жылдын 20-сентябрынан тарта бардык музыкалык жана видео...
Ишкерлер күнү. Экономика министрлигинде салтанаттуу иш-чара өттү
Экономика жана коммерция министрлигинде бүгүн, 20-сентябрда Кыргызстандын Ишкерлер күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү.Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, иш-чарага министрдин биринчи орун басары Чоро Сейитов, министрликтин өкүлдөрү, коноктор жана өлкөнүн ишкерлери катышты.Министрдин биринчи орун басары Чоро Сейитов чогулгандарга кайрылып, бардык ишкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө кошкон зор салымын баса белгиледи: «Урматтуу ишкерлер, коноктор жана...
Кубаттуулугу 250 МВттан ашат. Бишкекте айкалышкан циклдик электр станциясы курулат
Бишкек мэриясында мэр Айбек Жунушалиевдин катышуусунда отун-энергетикалык комплекс боюнча “Orta Asya Investment Holding” ачык акционердик коому менен инвестициялык келишимге кол коюу аземи өттү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Бул долбоордун максаты Бишкек шаарындагы ЖЭБ-2нин аймагында кубаттуулугу 250 МВттан ашык айкалышкан циклдик электр станциясын куруу жана эксплуатациялоо болуп саналат. Инвестициялык келишимдин суммасы 300 миллион...
Акылбек Жапаров Түркия почтасынын туунду компаниясынын жетекчилиги менен кызматташтыктын келечегин талкуулады
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Түркия почтасынын туунду компаниясынын жетекчилиги менен жолугушту.Акылбек Жапаров Министрлер Кабинетинин алдында почта кызматтарынын сапатын жогорулатууга гана эмес, ошондой эле биздин өлкөдө электрондук коммерциянын жигердүү өсүшү үчүн шарттарды түзүүгө жана чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө түздөн-түз тиешелүү милдеттер да турат.«Улуттук рынокту түзүү жана почта жана логистикалык...
Транспорт тармагы: Кыргыз-кытай делегаттары Пекинде жолукту
Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекжан Рысмендеев 19-20-сентябрь күндөрү Кытайга жасаган иш сапарынын алкагында кытайлык кесиптеши Ли Янг менен жолукту. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, орун басарлар баштаган эки өлкөнүн транспорт тармагынын жооптуу өкүлдөрүнөн түзүлгөн делегациялардын жолугушуусунда кыргыз-кытай кызматташтыгы талкууланды.Тактап айтканда, тараптар транспорт жаатындагы айрым маселелер жана аларды...
Ошто “Тайтору” спектаклинин премьерасы өттү
Ош шаарында "Тайтору" спектаклинин премьерасын өтүп, ага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти. Спектакль президенттин улуттук идеологияны бекемдөөгө багытталган жарлыктарын ишке ашыруу максатында көрсөтүлдү.Иш-чарада сөз сүйлөп, Сүйүнбек Касмамбетов чыгармачыл курамдын жогорку чеберчилиги жана кесипкөйлүгү үчүн ыраазычылык билдирип, улуттук баалуулуктарды сактоонун жана жайылтуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.Аталган спектаклди Кыргыз улуттук "Манас"...
Чүй облусунда экологиялык абал боюнча түшүндүрүү иштери башталды
Жаратылыш ресурстары министри Медер Машиевдин тапшырмасы менен отканаларды кышка карата коргоого даярдыктарды күчөтүүнүн жана Чүй облусундагы экологиялык абал боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн алкагында Сокулук жана Москва райондорунун бир катар отканаларына жана таштанды төгүүчү жайларынын абалы менен таанышуу штери жүргүзүлдү.Жылытуу мезгилинин жакындап келе жатканына байланыштуу Жаратылыш ресурстары министрлиги бардык объектилердин отканаларын...
Кытайда Кыргызстандын инвестициялык долбоорлору жөнүндө презентация жасалды
Кытайда өткөн Кытай Эл Республикасы (Шэньси) менен Кыргыз Республикасынын соода-экономикалык кызматташтыгы боюнча бизнес-форумда Кыргызстандагы инвестициялык долбоорлор боюнча презентация жасалды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Долбоолор менен экономика министринин орун басары Санжар Болотов тааныштырган. Ал өз сөзүндө эки өлкөнүн кызматташтыгынын стратегиялык маанисин баса белгилеп, форумдун катышуучуларын Кыргызстандын экономикасынын негизги секторлоруна инвестиция салуу...
Төрөбаев Кытайда өткөн “Жибек жолу” 8-көргөзмөсүнө катышты
Кытайдын Сиань шаарында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Эл аралык “Жибек жолу” 8-көргөзмөсүнүн ачылыш аземине катышты. Анда сөз сүйлөгөн Бакыт Төрөбаев Кыргызстандын экономикасына чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу өлкөнүн Министрлер Кабинетинин приоритеттүү багыттарынын бири экенин айтып, учурда кыргыз рыногунда дүйнөнүн...