Жаңыланган борбордук Ала-Тоо аянты 21-сентябрда саат 18:30да ачылат. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматынан кабарлашты."Кыргызстанда биринчи жолу бийлеген жана от жанган жаңы фонтандар иштей баштайт", - деп, мэриядан шаар тургундарын жана конокторду аянттын оңдоп-түзөөдөн кийинки расмий ачылышына чакырышты. Келген конок эстрада жылдыздарынын аткаруусундагы чоң маданий программага күбө болушат.
Кытай Кыргызстанга кайтарымсыз негизде 200 млн юань берет
Пекин шаарында КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев менен Кытай Эл Республикасынын Эл аралык кызматташтык жана өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин директору Луо Чжаохуэй жолугуп кыргыз-кытай кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин сүйлөштү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин билдиришти. Анда тараптар алгач Кыргызстандын президенти...
Кыргызстанда калктын жумушсуздук деңгээлинин төмөндөшү байкалууда
Кыргызстанда калктын жумушсуздук деңгээлинин төмөндөшү байкалууда. Бул тууралуу Улутстатком тарабынан 2023-жылы өткөрүлгөн үй-чарбаларынын бюджеттеринин жана жумушчу күчтөрүнүн интеграцияланган тандалма изилдөөсүнүн жыйынтыктары тастыктап турат.Изилдөөнүн маалыматтары боюнча, 2023-жылы 15 жана андан улуу жаш курактагы жумушчу күчүнүн саны 2,7 миллиондон ашык адамды түздү, алардын ичинен 2,6 миллиондон ашыгы иш менен камсыз болгон жана 112 миңи жумушсуздар.Мында 2022-жылга салыштырмалуу 15...
Бишкектин Свердлов районунда 105 жарнамалык баннер жана такталар алынып салынды
Бишкек шаарынын сырткы көрүнүшүн, көчөлөрдөгү коопсуздукту жакшыртууга жана жарнама жаатындагы мыйзам ченемдерин сактоого багытталган рейддик иш-чаралар уланууда.Мэриянын маалыматына караганда, Свердлов районунун аймагында Лермонтов көчөсүндө Жибек-Жолу проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин 105 жарнамалык баннер жана калкандар демонтаждалган. Рейд Свердлов райондук администрациясынын кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын жана "Тазалык"муниципалдык ишканасынын...
Александр Кацев: Окуу китептеринин жетишсиздигин оңой эле чечсе болот
Бүгүн биз өткөн миң жылдыкта китептер кантип жетиштүү болгонун ойлонуп, баарыбыз эле окуу китептеринин кагаз вариантына басым жасап калдык. А балдар сабак учурунда телефондо ойноп жатышпайбы- мындан улам мектепте телефонду колдонууга тыюу салышат. Бирок эгер балдардын телефондорун окуу китептеринин тексти менен толтуруп салсак, жетишпестик көйгөйү дароо чечилет. Гаджеттер көздүн көрүүсүн начарлатат...
Кыргызстанда 2026-жылы шамал паркы ишке кирет
Шамал паркынын курулушун 2025-жылы баштоо пландалган. Объект колдонууга 2026-жылдын аягында берилиши күтүлүп жатат.Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук келечектеги шамал паркына капсула салуу - бул Кыргыз Республикасынын жаңы таза энергетикасын түзүүдөгү дагы бир кадам экенин белгиледи. "Шамал электр станциясынын курулушу жана таза шамал энергиясын колдонуу энергиянын жаңыланбаган булактарына болгон...
Аралыктан добуш берүү деген эмне?
Алыстан добуш берүү – бул шайлоо бюллетендерин басып чыгаруу функциясы бар идентификациялык түзүлүш аркылуу онлайн идентификациясы бар аралыктагы шайлоо участкасында добуш берүү.Анын максаты:
Садыр Жапаров КР Баатыры Апас Жумагулов менен жолугушту
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Баатыры Апас Жумагулов жана анын жубайы менен Президенттин Администрациясынын “Ынтымак Ордо” имаратында жолугушту.Мамлекет башчысы Апас Жумагуловдун Кыргызстандын өнүгүшүнө кошкон зор салымын, айрыкча, ал өкмөттү жетектеп турганда, өлкө татаал кырдаалга туш болгондо, саясий жана экономикалык кризистен чыгуунун жолун тапканын белгиледи. Садыр Жапаров Апас Жумагуловдун жетекчилиги...
Акыйкатчы маморгандарды Зардалынын жашоочуларынын көйгөйлөрүнө көңүл бурууга чакырды
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдарды Баткен облусундагы алыскы Зардалы айылындагы мектеп окуучуларынын билимге болгон укугун камсыздоого жана тургундардын социалдык көйгөйлөрүн чечүүгө чакырды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти. Жамиля Жаманбаеванын тапшырмасы менен Акыйкатчы Институтунун Баткен облусундагы өкүлү Зардалы айылынын жашоочуларынын укуктарынын сакталышы боюнча абал менен жеринен таанышып келди.Тургундардын жашоо-шарты катаал болсо да, жаратылышы...
Бишкекте Нурдин Каимовдун “Эркин-Тоо” көргөзмөсүнүн ачылышы болот
М.В.Фрунзенин үй-музейинде Нурдин Каимовдун “Эркин-Тоо” көргөзмөсүнүн ачылышы болот. Бул тууралуу музейден билдиришти.Көргөзмө Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана «Эркин-Тоо» гезитинин алгачкы санынын жарыкка чыгышына арналган.Көргөзмө 14-октябрга чейин ачык болот.
Кармашып урушуу боюнча курама команда Азия чемпионатында байгелүү орундарга ээ болду
Мелдеш 13-14-сентябрь күндөрү өтүп, ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Индия, Монголия, Иран, Пакистан, Таиланд, Ооганстан, Түштүк Корея, Жапония, Ливан, Кытай, Непал жана Сириянын спортчулары катышты.Кыз-келиндер арасында 58 кг салмакта Бактыгүл Курманбекова алтын медалга ээ болду.Ал эми эркектер арасында Автандил Жоомарт уулу (57 кг) жана Токтосун Бегматов (73 кг) күмүш медаль...
Жакын арада өлкөнүн бардык аймагында “Коопсуз шаар” тутумун жайылта баштайбыз — Ниязбеков
Ички иштер министри Улан Ниязбеков бүгүн, 19-сентябрда ички иштер органдарынын жетекчилерине онлайн кеңешме өткөрүп, анда ИИМ жана анын аймактык бөлүктөрү өлкөнүн бардык аймагында "Коопсуз шаар" тутумун жайылтуунун үстүндө иштей баштарын билдирди.‘’Баарыңыздарга белгилүү болгондой, кечээ президентибиз “Коопсуз шаар тутумун Ички иштер министрлигинин карамагына толугу менен өткөрүп берүү жөнүндө” Жарлыкка кол койду....