Сентябрь 2024 – 30 барак – ИА Караван Инфо

Күрп-Сай ГЭСинде №3 гидроагрегат капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүүдө

«Электр станциялар» ААКна караштуу Күрп-Сай ГЭСинде №3 гидроагрегат капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Бул иш-чаралардын алкагында гидротурбина жана электр жабдыктары толугу менен мерчемделген көлөмдүн негизинде оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө. Азыркы учурда белгиленген жумуштардын 80% аткарылды.«ТН-220 Датка» жана “ТН-220-I СШ” чыңалууну өлчөөчү трансформаторлору жаңысына алмашылтырылып, ишке киргизилди. Буга чейинки трансформаторлор...

Кыргыз туроператорлору Париждеги эл аралык туристтик көргөзмөгө катышты

Кыргыз туроператорлору Париждеги France IFTM-2024 эл аралык туристтик көргөзмөсүнө катышты. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.Маалыматка ылайык, көргөзмө 17-19-сентябрь күндөрү өтүп, анда дүйнөлүк туристтик рыноктун алдыңкы катышуучулары өз продукцияларын жана кызматтарын сунушташууда. Бул абройлуу иш-чарага Кыргыз Республикасынан келген делегация катышууда, анын курамында туристтик компаниялардын өкүлдөрү жана «Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду»...

Ош облусуна дем берүүчү гранттардын эсебинен 52 долбоор каржыланды

Ош облусу боюнча 2024-жылдын 8 айына карата  дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен 52,1 млн сом суммасында 52 долбоор каржыланды. Финансы министрлигинен билдиришкендей, анын ичинде: Анын ичинен:

Транспорт министрлиги айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга жана жолдо этият болууга чакырат.Ведомствонун маалыматына караганда, бүгүн, 18-сентябрда Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашууда ашуусунда кар жаады.Жолчулар жолду тазалап, инерттик материалдарды себишти. Азыркы учурда каттам үчүн эч кандай кыйынчылыктар жок.Транспорт жана коммуникациялар министрлиги өлкөдөгү туруксуз аба ырайына жана 2024-2025-жылдын күз-кыш мезгилине карата жүргүзүлүп жаткан...

Сот тутумунун 100дөн ашык ардагери Жогорку соттун медалы менен сыйланды

Жогорку сотто бүгүн сот тутумунун 100 жылдыгына арналган юбилейлик медалдарды тапшыруу аземи болуп өттү. Мааракелик иш чаранын  алдында сот тутумунун ардагерлеринин эмгегин жогору баалап, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун токтому менен 100дөн ашуун мурдагы судьялар сыйланды.Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков куттуктоо сөзүндө, Кыргыз Республикасынын сот тутумунун калыптануу жана өнүгүү жолу өлкө тарыхынын...

Таш-Мойнок айылында жаңы заманбап эс алуу жайын куруу пландалууда

Чүй облусуна караштуу Таш-Мойнок айылында жаңы заманбап эс алуу жайын куруу пландалууда, деп билдирет Мамкурулуш агенттиги. Маалыматка ылайык, Мамкурулуш агенттигинин Шаар куруу жана архитектура департаментине караштуу Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын архитекторлору тарабынан Таш-Мойнок айыл өкмөтүндөгү №8 контурунун 0,30 га аянтын эс алуу аймагына трансформациялоонун долбоору иштелип чыкты.Долбоор жергиликтүү органдарга сунушталды.

“Аю Холдингдин” мурдагы президенти уюшкан кылмыштуу топту каржылаганы үчүн кармалды

"Аю Холдингдин" мурдагы президенти уюшкан кылмыштуу топту каржылаганы үчүн кармалды, деп билдирет КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетин маалымат кызматы. Билдирүүгө ылайык, КР УКМК тарабынан жоюлган кримавторитет Камчы Асанбек (Камчы Көлбаев ) менен каржылык байланышта болгон "Аю Холдинг" компаниясынын мурдагы президенти О.Б.А. кармалды. Мындан тышкары, кармалган О.Б.А.нын Өзбекстан Республикасынын кылмыштуу тобунун лидери,...

Нарында тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн беш жылдыгы талкууланды

Президенттин Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-аракеттерди ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова Нарын шаарында тоолуу региондорду өнүктүрүүнүн беш жылдыгын ишке ашыруу «Жол картасын» талкуулоого катышты.Иш-чарага Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Шабдан Абдырайым уулу, министрликтердин, райондук мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мекеме-ишканалардын өкүлдөрү...

УКМК: Кара-Көл шаарынын экс-мэри кармалды

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын экс-мэри бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу боюнча кармалды, деп билдирет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы. Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктунда (ишенип берилген мүлктү өзгөчө ири өлчөмдө ыйгарып алуу жана коротуу) каралган кылмыш белгилери боюнча козголгон кылмыш...

Бишкекте Кытайдын түзүлгөндүгүнүн 75 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция өттү

Бишкекте Кытай Эл Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 75 жылдыгына арналган “Кытай: кечээ, бүгүн, эртең” аттуу илимий-практикалык конференция өттү. Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев катышты. Ал өз сөзүндө Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы бекем байланыштарды баса белгилеп, «Кытай цивилизациясынын 5 миң жылдык тарыхы улуу ачылыштарга жана адамзаттын өнүгүүсүнө кошкон салымдарына бай» деп...

Тянь-Шань райондук электр тармактарынын кышка даярдыгы күч

Нарын электр тармактар ишканасы күз келип, кышка даярдык көрүү максатында оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү менен алек.Энергетика министрлигинен кабарлашкандай, Эмгекчил айылында 134 даана эскирген зым тиректер жаңы темир-бетон зым тиректерге алмаштыруу каралган, бүгүнкү күндө 68 даана орнотулду, зым тиректердин орнотуу иштери аяктаса, 5,01 чакырым эски зымдардын ордуна ишенимдүү СИП-2 кабелдери тартылат. Ошондой эле Куланак...

Чүй облусунда жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү коргоо жаатындагы мыйзам бузуулар үчүн 171 миң сомдон ашык айып салынган

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматы боюнча, урук чачуу мезгилинде мыйзамсыз балык кармагандар үчүн 6 миң сом айып салынган.Чүй районунун Кегети капчыгайында мыйзамсыз аңчылык кылгандар үчүн 12 миң 500 сом айып салынды.Жапайы өсүмдүктөрдүн сырьесун (ендик) сатып алуу жана сатуу тартибин бузгандыгы үчүн 5500 сом айып салынган.Ысык-Ата районунун Красная...

error: