Сентябрь 2024 – 32 барак – ИА Караван Инфо

Кесиптик лицейлердин жаңы окуу жылына даярдыгы боюнча кеңешме өткөрүлдү

Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу республикадагы кесиптик лицейлердин директорлору менен кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты. Жыйындын катышуучулары кесиптик лицейлерге окуучуларды кабыл алуу планынын аткарылышы, ишканалар менен келишимдердин ишке ашырылышы, Бишкек жана Чүй облусундагы окуу жайларда көзөмөл жана башкаруу системасын орнотуу, күз-кыш мезгилине даярдык жана WorldSkills II улуттук чемпионатын уюштурууну талкуулады.Кабыл...

Оштогу Амир-Тимур көчөсүн оңдоп-түзөө иштери башталды

Ош шаарындагы Амир-Тимур (Калинин) көчөсүн толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү жумуштары башталды.Шаар башчысы Бакытбек Жетигенов иштин жүрүшү менен жеринде таанышып, иштерди белгиленген иш мерчеми боюнча жүргүзүүнү, мөөнөтүндө сапаттуу бүткөрүүнү тапшырды.Жумуштардын алкагында тротуарларды, аялдамаларды куруу, ирригациялык, коммуналдык тармактарды орнотуу, жашылдандыруу иштери жүргүзүлөт.Белгилей кетсек, аталган жолду Кытай Эл Республикасынын "Чайна Роад" ишканасы оңдоп,...

УКМК Патрулдук милиция башкармалыгынын эки инспекторун кармады

КР УКМК тарабынан укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ишиндеги коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча тынымсыз жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында сый акы (пара) алып, КР жаранынын транспорт каражатын мыйзамсыз тартып алышкан Бишкек ШИИБдин патрулдук милиция башкармалыгынын инспекторлору кармалды.Атайын кызматтын маалыматына таянсак, К.Н.К. жана Р.у.Т. аттуу инспекторлор транспорт каражатын Патрулдук милиция башкармалыгынын айып короо...

Садыр Жапаровдун Казакстанга болгон иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди

Президент Садыр Жапаровдун Казакстанга 17-сентябрда болгон бир күндүк иш сапары аяктады.Сапардын алкагында Садыр Жапаров Астана шаарында “Борбор Азия - Германия” мамлекет башчыларынын экинчи жолугушуусуна катышты.Ошондой эле ал Германиянын бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушту. Президент бизнес-делегация мүчөлөрүнүн көңүлүн гидроэлектростанцияларды куруу жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү жаатында кыргыз тарап менен кызматташуу...

Мамкатчы “Кыргыз жараны” концепциясын иштеп чыгууга өнөктөш “ПисНексус” фондунун өкүлдөрү менен жолукту

Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 17-сентябрда “ПисНексус” швейцариялык фондунун Башкаруучулар кеңешинин төрагасы, Элчи, ЕККУнун мурунку катчысы (2017-2020) Томас Гремингер, фонддун аткаруучу директору Катриона Гурлей жана фонддун Борбордук Азия боюнча менеджери Чынара Эсенгул  менен жолугушту.Президенттин администрациясынын кабарлашкандай, жолугушуу учурунда КР президентинин Жарлыгы менен бекитилген 2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында “Кыргыз жараны” жарандык...

Бишкекте үч автобустук каттамдын кыймылы убактылуу өзгөртүлдү. Схемалары

Бишкекте Горький көчөсүндөгү капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу17-сентябрдан тарта үч автобустук каттамдын кыймылы убактылуу өзгөртүлдү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти. Тактап айтканда, №102, №145 жана №169 автобустар жаңы схема боюнча убактылуу иштейт. Бишкек  мэриясы учурдагы убактылуу кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт. Кыймыл схемаларын төмөнкү шилтемеден тапса болот: https://drive.google.com/file/d/1zDjv33RrovnXf9WIHDCakpiTj8d-p5vU/view?usp=sharing

КР энергетика министри беш өлкөнүн делегация жетекчилери менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү — маанилүү учурлар

Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев Түрк мамлекеттер уюмунун 4-жыйынына келген беш өлкөнүн (Азербайджан, Казакстан, Өзбекстан, Турция, Венгрия) делегация жетекчилеринин ар бири менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.Энергетика министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушуунун негизги максаты энергетика тармагындагы кызматташууну тереңдетүүгө, биргеликте долбоорлорду ишке ашырууга багытталды.Алгач энергетика министри Таалайбек Ибраев Азербайджан Республикасынын энергетика...

2024-жылы кыргызстандык окуучулары информатика боюнча олимпиадада 92 өлкөнүн ичинен 27-орунга ээ болушту

Тагыраагы, “Газпром” Кыргызстан мектебинин 8-классынын окуучусу Ян Бобрус жана М.Субакожоев атындагы Нарын лицейинин 10-классынын окуучусу Алихан Айдарбеков күмүш медаль тагынса, “Манас Ата” Талас лицейинин 11-классынын окуучусу Байтөрө Майрамбеков коло медаль, Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейинин окуучусу Абдулазиз Лебиев ардак грамота алды.Кыргыз Республикасынын окуучулары жалпы командалык эсепте 92 өлкөнүн 370 окуучусунун ичинен...

Бишкекте бокс боюнча ачык машыгуу өттү

Бишкекте күн мурун, 16-сентябрда бокс боюнча ачык машыгуу өттү, деп билдирет шаардык мэриянын басма сөз кызматы. Иш-чара мушташ боюнча СДЮШОРдун бокс боюнча машыктыруучусу жана окутуучусу Сатыбалды Жаналиевдин жетекчилиги астында өттү.Ачык машыгуунун жүрүшүнчү машыктыруучулар бокстун түрдүү ыкмаларын көрсөтүп беришти. Спорттук иш-чарага баардык каалоочулар катышууга мүмкүнчүлүк алды.

Кыргызстандын 59 ишканасы ЕАЭБдин реестрине катталды — тизме

Үстүбүздөгү жылдын сентябрына карата Кыргызстандын 59 ишканасы Евразиялык экономикалык биримдиктин бирдиктүү реестрине киргизилип, жалпы 413 ишкана катталды.Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен:Мындан тышкары, Кытайдын реестрине – 24 ишкана (13 сүт азыктары, 11 аарычылык), Өзбекстандын реестрине – 43 ишкана (17 сүт азыктары, 8 эт азыктары, 10...

Коргоо министринин биринчи орун басары Руслан Мукамбетов: КСОР –  Борбор Азиянын коопсуздугунун кепилдиги болуп саналат

Кыска мөөнөттүн ичинде ЖККУга мүчө-мамлекеттердин аскердик контингенттери согушчандар басып кирген шарттуу аймакка кайра жайгаштырылды. ЖККУнун ыкчам аракеттенүүчү жамааттык күчтөрү (КСОР)  тобунун негизги милдети - Борбор Азия аймагындагы куралдуу кагылышууну жөнгө салуу боюнча биргелешкен операцияны өткөрүү.Согушкерлердин базалык машыгуу зоналарын жана алардын жүрүү жолдорун аныктоо боюнча чалгын Россия Федерациясынын Куралдуу күчтөрүнүн «Суперкам»...

Баткенде курулуш компаниянын директору бир нече алдамчылык фактысына шектелип кармалды

Баткенде курулуш компаниянын директору бир нече алдамчылык фактысына шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2022-жылдын сентябрында Баткен районунун Ак-Сай айылындагы 9 үйдүн курулушун жүргүзгөн курулуш компаниясынын директору 34 жаштагы. Г. У. аттуу жаран 2023-жылдын март айында Баткен шаарынын тургуну К.М. темир иштетүүчү цехинен 1 млн 145 миң 403 сомдук темир...

error: