Сентябрь 2024 – 33 барак – ИА Караван Инфо

Эмгек министрлиги: Бишкекте зордукталган 9 жаштагы кыз медициналык кароодон өтүп жатат

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, бул окуя министрдин көзөмөлүндө.Ведомствонун маалыматы боюнча, аймактык башкармалыктын кызматкерлери баланы жана үй-бүлөнү экспертизадан жана тергөөнүн башка этаптарынан өтүүдө коштоп жүрүшөт.Балага жана үй-бүлөгө психологиялык, медициналык, юридикалык жардам көрсөтүлдү.Учурда Бишкекте зомбулукка кабылган кыз медициналык кароодон өтүп жатат.Башкармалык ошондой эле Жети-Өгүз райондук мамлекеттик...

Кыргызстан химия боюнча эл аралык олимпиадага 26 жылдан бери катышып келет. Канча медалыбыз бар?

Кыргыз Республикасынын командасы Химия боюнча эл аралык олимпиадага  биринчи жолу 1998-жылы катышкан. 2003-жылы Сыргак Жумабаев биринчи коло медалды алса, 2007-жылы Кайнар Камалов биринчи күмүш медалды тагынган.Учурда өлкөнүн командасынын капчыгында 2 күмүш, 20 коло жана 12 ардак грамота бар.* 2002-жылы – 3 ардак грамота,*2003-жылы –1 коло медаль, 2 ардак грамота,* 2005-жылы...

Бишкекте Сталбек Алмасбековду эскерүү кечеси өтөт

Бишкекте КР Эл артисти Сталбек Алмасбековго арналган музыкалык кече өтөт. Иш-чара Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында өтөт. Башталышы саат 19:00дө. Бул тууралуу театрдан кабарлашты. Иш-чара көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө айланган "Малахит залындагы музыкалык кечелердин" алкагында өтөт жана Сталбек Алмасбековдун туулган күнүнө карата өткөрүлөт.Сталбек Алмаcбеков музыка сүйүүчүлөрүнө опера ырчысы катары таанымал. Ал көптөгөн...

Кыргызстан эгемендүүлүк жылдарындагы эл аралык математикалык олимпиадада быйыл алгачкы алтын медалын жеңип алды

Алтын медалды Б.Якир атындагы автордук физика-математикалык № 61 мектеп-лицейинин окуучусу Назар Кыргызбаев жеңип келди.Ошондой эле бул жылы математика боюнча эл аралык олимпиадада Кыргыз Республикасынын командасы биринчи жолу алтын, 3 күмүш жана 2 мактоо баракчасына ээ болуп, командалык эсепте 122 упай менен 108 мамлекеттин ичинен 29-орунду ээледи. Буга чейин команданын эң жогорку  көрсөткүчү...

PISAга даярдануу үчүн 3,1 миң окуучу пилоттук изилдөөгө катышат

Билим берүү жана илим министрлигинен 16-сентябрдан 15-октябрга чейин PISA инструменттерин жана жол-жоболорун апробациялоо жүргүзүлө тургандыгын кабарлашты. Талаа изилдөөсүнө тандалып алынган мектептердин 3 миң 100 окуучу катышат.2025-жылы Кыргыз Республикасынын 15 жаштагы окуучулары PISA билим берүүнүн сапатын эл аралык изилдөөнүн негизги этабына катышат.PISA изилдөөсүнө катышуу Кыргыз Республикасынын окуучуларынын билим деңгээлин жана көндүмдөрүн башка...

22 жылдан бери Кыргызстандын эсебинде физика боюнча эл аралык олимпиадада 2 гана күмүш медаль бар

Коло медалды Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 11-классынын окуучусу Бектур Баратали тагынса, А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин 10-классынын окуучусу Аскар Абдиев ардак грамота алды.Кыргыз Республикасынын командасы биринчи жолу Физика боюнча эл аралык олимпиадага (IPhO) 2002-жылы катышкан. Ошол эле жылы биздин команда биринчи медалды жеңип, Мирбек Самиев күмүш медаль менен сыйланган.2004-жылы...

КР Соода-өнөр жай палатасы Пакистанда ШКУнун Ишкерлер кеңешинин жыйынына катышты

Соода-өнөр жай палатасы Пакистанда ШКУга мүчө өлкөлөрдүн Ишкерлер кеңешинин жыйынында ардактуу спикер болду. Быйыл Пакистан ШКУга төрагалык кылууда, ал эми Исламабад кызматташуунун негизги маселелерин талкуулоо аянтчасына айланды. Жыйынга катышуучу өлкөлөрдүн мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле алдыңкы ишкерлер жана бизнес чөйрөлөр катышты. Жолугушууда экономикалык байланыштарды чыңдоо, соода, инвестиция жана технология тармагында өз...

МСКда салык жана камсыздандыруу мыйзамдарындагы өзгөрүүлөр боюнча семинарлар өткөрүлдү

Мамлекеттик салык кызматында салык жана камсыздандыруу мыйзамдарындагы өзгөрүүлөргө байланыштуу кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу боюнча семинарлар өткөрүлдү.Окутуунун жүрүшүндө кызматкерлер орточо айлык эмгек акынын негизинде киреше салыгын жана камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жаңы тартибин колдонуу боюнча практикалык билимге ээ болушту, ошондой эле өзгөрүүлөргө ийгиликтүү адаптациялашуу жана аларды күнүмдүк иштерде натыйжалуу пайдалануу үчүн зарыл болгон...

Садыр Жапаров менен Олаф Шольц жолугушту. Талкууланган маселелер

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 17-сентябрда, Казакстан Республикасына жасаган иш сапарынын алкагында Астана шаарында Германия Федеративдүү Республикасынын (ГФР) Федералдык канцлери Олаф Шольц менен жолугушту.Кыргыз-герман күн тартибинин саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы актуалдуу маселелери талкууланды.Президент Садыр Жапаров Кыргызстан Европа Биримдигиндеги биздин маанилүү өнөктөшүбүздүн бири болгон Германия менен түзүлгөн достук мамилелерди жогору...

Садыр Жапаров Астанада Германиянын бизнес-делегация өкүлдөрү менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-сентябрда, Казакстан Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Астана шаарында Германиянын бизнес-делегация өкүлдөрү менен иштиктүү жолугушуу өткөрдү.Германиялык бизнестин өкүлдөрү менен учурашып жатып, Мамлекет башчысы бул жолугушуу эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө жардам берерине ишенимин билдирди.Президент Кыргызстан туруктуу өнүгүү багытында жигердүү жылып жатканын, өлкөнүн улуттук экономикасы...

Кендирбаева: Кыргызстандын тагдыры жана келечеги — билимде

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева бүгүн Информатика боюнча эл аралык олимпиадада (International Olympiad in Informatics) 2 күмүш, 1 коло медаль жана 1 ардак грамота алган окуучуларды сыйлады. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.Министр окуучулар менен олимпиаданын жүрүшү, атаандаштары тууралуу баарлашып, талыкпастан окууга жана эмгектенүүгө чакырды.Ошондой эле Догдуркүл Кендирбаева дүйнөдөгү алдыңкы...

Ала-Бука районундагы айыл өкмөттөрдүн кызмат адамдарына 10 кылмыш иши козголду

Ала-Бука районундагы айыл өкмөттөрдүн кызмат адамдарына 10 кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.Жалал-Абад областынын Ала-Бука районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы менен Көк-Таш жана Ала-Бука айыл өкмөттөрүнүн кызмат адамдарына карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча кылмыш иштери козголду. Тактап айтканда, жогоруда аталган айыл өкмөттөрдүн кызмат адамдары кызматтык...

error: