Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Кытай Эл Республикасындагы расмий сапарынын алкагында өндүрүштүк жайлардын ишмердүүлүгү менен да таанышты. Анын ичинен төрага Циндао шаарындагы темир жол транспортторун чыгаруучу ишканага барды. Алсак, 1900-жылы ачылган тарыхы узак ишкана азыркы тапта заманбап темир жол унааларын, алардын катарында жаңы муундагы ыкчам жүрүүчү “Фусин” поезддерин жасап чыгарат. Ылдамдыгы...
Жээнбек Кулубаев Түркиянын эчиси Ахмет Садык Доганды кабыл алды
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доганды кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти. Тараптардын жолугушуусу 16-сентябрда өтүп, анда кыргыз-түрк эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, анын ичинде өлкөлөр ортосундагы келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү талкууланды.Жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги алдыдагы өз ара сапарларга, ошондой эле Түрк мамлекеттери уюмунун алкагындагы өз...
Өткөрүп жибербеңиз! Бишкекте бүгүн “Токио чейин/кийин” сүрөт көргөзмөсү ачылат
Гапар Айтиев атындагы Көркөм сүрөт өнөр музейинди бүгүн, 17-сентябрда "Токио чейин/кийин" сүрөт көргөзмөсү ачылат. Башталышы саат 11:30да. Бул тууралуу Япониянын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти. Аталган көргөзмөдө Жапон фондунун коллекциясындагы белгилүү жапон фотосүрөтчүлөрүнүн 80ге жакын эмгектери коюлуп, алар Токионун өткөн жана азыркы доорун, өзгөчө 1930-1940-жылдардагы Токиону жана 2010-жылдан кийинки Токиону тааныштырышат.Көргөзмө кыргызстандыктарга Токиону эки башка доордо,...
Куттуктайбыз! UFC мушкери Антонина Шевченко балалуу болду
UFC мушкери Антонина Шевченко балалуу болду. Кубанычтуу кабар менен ал өзү Инстаграмдагы баракчасында бөлүштү. “Эң, эң өзгөчө! Абдан кыйын жана укмуштуу жыл! Мен апа болдум! Дагы 20 жылдан кийин Шевченколордун кийинки мууну UFCде жеңүүчү болушат. Жана албетте, биздин бүлөдөгү учкучтардын экинчи мууну!”, - деп жазган Антонина.Маалымат үчүн: Антонина Шевченко кыргызстандык профессионал спортчу,...
Эркин Тентишев Күрөш федерациясынын президенти болуп шайланды — өмүр баяны
Эркин Тентишев Күрөш федерациясынын президенти болуп шайланды. Мындай чечим федерациянын 14-сентябрда өткөн кезексиз жыйынында кабыл алынган.Эске сала кетсек, буга чейин аталган кызматты Мелис Турганбаев аркалап келген. Ал Парижде өткөн Олимп оюндарынан кийин өз каалоосу менен отставкага кеткен.Тентишев Эркин Саткынбавич 1962-жылдын 29-апрелинде Бишкек шаарында туулган. Үч жогорку билимдин ээси.Билими:• 1979-1986 — Скрябин атындагы...
Кыргызстандын делегациясы Антальяда өткөн көчмөндөрдүн Эл аралык фестивалына катышты
Түркиянын Анталья шаарында Yörük Türkmen Festivali аталыштагы көчмөндөрдүн Эл аралык фестивалы өттү. Бул иш-чара 2022-жылдан бери жыл сайын көчмөн маданиятынын өкүлдөрүн бир аянтчага чогултуп келет. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Иш-чарага 20 өлкөнүн түрк элдери, атап айтканда, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Татарстан, Түркмөнстан, Азербайжан жана башкалардын өкүлдөрү катышты. Эл...
Бишкекте балдар жана өспүрүмдөр арасында кичи футбол боюнча мелдеш өттү
Бишкек шаарындагы №5 мектептин спорт аянтчасында “Биз кылмыштуулукка каршыбыз” деген ураан алдында балдар жана өспүрүмдөр арасында кичи футбол боюнча мелдеш өттү.Бишкек мэриясынан билдиришкендей, мелдешке шаардын төрт районунан тең командалар катышты. Жыйынтыгында сыйлыктар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү: 1-орун – Свердлов району; 2-орун – Биринчи май району; 3-орун – Ленин району; 4-орун – Октябрь...
Бишкектин төрт борбордук көчөсүндө капиталдык оңдоо иштери аяктады
"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы Бишкек шаарынын 4 борбордук көчөсүндө капиталдык оңдоо иштерин аяктады. Ошентип, эки көчөнүн тротуары капиталдык оңдоодон өтүп, дагы 2 көчөнүн жолдо капиталдык оңдоо иштери жыйынтыкталды. Раззаков көчөсү Фрунзе көчөсүнөн Баетов көчөсүнө чейин жана Баетов көчөсү Раззаков көчөсүнөн Орозбеков көчөсүнө чейин капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. Мындан тышкары, Фрунзе көчөсү Абдрахманов...
Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат
Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" жана "Эркечтам" өткөрмө бекеттери 17-сентябрда убактылуу жабылат. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.Маалыматка ылайык, бекеттер кытай тараптын демилгеси менен күз майрамына карата жабылат.Транспорт, жүк ташуучу унааларды жана жөө жүргүнчүлөрдү өткөрүү 18-сентябрда кайрадан жанданат.
Монополияга каршы кызмат эттин баасын көзөмөлдөөнү улантууда
Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы кызмат эттин баасын көзөмөлдөөнү улантууда.Ведомстводон билдиришкендей, жыйынтыктар төмөнкүдөй болду:Массалык мал түшүрүү октябрда башталат, бул бааларга таасир этиши мүмкүн.Мониторинг улантылат, бул керектөөчүлөрдү коргоо жана адилетсиз атаандаштыкты болтурбоо максатында жүргүзүлөт.
Майыптуулугу бар балдарга жөлөк пул алууга кандай документтер керек?
Жөлөкпул алуу үчүн арыз ата-энелер (асырап алуучулар, камкорчулар, көзөмөлдөчүүлөр) тарабынан берилет.Эгерде жогоруда көрсөтүлгөн адамдар өзүнчө жашаса, анда арыз бала менен чогуу жашаган ата-энесинин (асырап алуучулар, камкорчулар, көзөмөлчүлөр) жашаган жери боюнча берилет. Ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулга кайрылууда төмөнкүдөй документтер керек:
Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору алмашты
Төлөбек Абдырахманов Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. "Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, “Билим берүү жөнүндө” КР Мыйзамынын 22-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө” токтому менен...