Сентябрь 2024 – 39 барак – ИА Караван Инфо

Төрөбаев: “Барскоон-Бедел” каттамындагы унаа жолдун курулуш иштерин кыргыз тарап активдүү жүргүзүүдө

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары —  суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев  Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун (КЭР СУАР) Элдик Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Сунь Хуньмэй менен жолукту.Анда МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев маектешине жакында эле жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте убактылуу шарттарды түзүү менен...

2023-24-жылдары 236 миңге жакын жумушсуз ишке орношту

Женевада БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин докладын коргоо учурунда социалдык, экономикалык, маданий жана укук коргоо блоктору боюнча маселелер каралды. Кыргыз Республикасынын делегациясы 2023-жылдан 2024-жылга чейинки мезгилде Кыргызстан катышуучу болуп саналган эл аралык милдеттенмелерди, Конвенцияларды жана келишимдердин катышуучусун ишке ашыруу боюнча тиешелүү жоопторду берди.«Кыргызстанда 2023-2024-жылдары мыйзамдарды жана укук коргоо ишмердүүлүгүн өркүндөтүү...

ИИМ: Автоунаага байланышкан документтердин жасалмасын жасоо фактысы аныкталды

Тактап айтканда, 2022-жылдын декабрь айларында аталган З.Б. аттуу жаран Литва Республикасынын аймагында Литванын жаранынын көк түстөгү 2004-жылы чыгарылган “Хонда Джаз” үлгүсүндөгү автоунаасын сатып алган. Бирок автоунааны мыйзамдуу бажы тариздөөдөн өткөрбөстөн аны тетиктерге бөлүштүрүп, кыймылдаткычын чыгарып, Европа мамлекеттеринен Кыргыз Республикасынын аймагына оор жүк ташуучу автоунаа менен алып келдирип, аталган автоунааны тетик...

Бишкек Жылуулук электр борборуна 63 жыл толду

1961-жылдын бу күнү кубаттуулугу 25 МВт болгон ГЭСтин биринчи турбоагрегаты ишке киргизилген.Агрегаттын курулушу 1958-жылы башталган.Ал эми 63 жылдан бери ТЭЦ бишкектиктердин үйлөрүн жылытып, жарыктандырып келет.

Акылбек Жапаров менен Михаил Мишустин телефон аркылуу сүйлөштү. Эмнени талкуулашты?

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустиндин телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде экономикалык, соода жана маданий тармактарды сүйлөштү.Өз ара пайдалуу мамилелерди чыңдоонун жана эки өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошкон биргелешкен...

ӨКМ: Уюлдук телефондун кубаттагычын электр тогунда калтырбаңыз

Кадимки уюлдук телефонуңуздун кубаттагычы (зарядное устройства) өрттүн келип чыгышына алып келиши толук мүмкүн. Андыктан төмөндөгү жөнөкөй эрежелерди так сактаңыз:- Уюлдук телефондун кубаттагычын токко сайган бойдон калтырбаңыз. Эсиңизде болсун, техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам электр кубаты кескин жогорулап кетиши мүмкүн. Бул кубаттагыч ысып, түтөп өрттөнүшүнө алып келет;- Заманбап телефон кубаттагычы өрткө каршы системасы...

Маданият министрлиги сүрөтчүлөрдүн Малайзиядагы стажировкасын талкуулады

Кыргыз тарап искусство жана маданият тармагында тажрыйба алмашууну тереңдетүү, эки өлкөнүн тең чыгармачылык дараметин ачууга мүмкүндүк берүүчү артисттерди, аткаруучуларды жана маданият кызматкерлерин окутууну жана стажировкаларды уюштурууну сунуштады.Маданий кызматташтыкты чыңдоодогу маанилүү кадам болуп эки өлкөнүн жарандарына бири-биринин бай маданий мурастары менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзө турган “Маданият күндөрүн” өткөрүү сунушу болду.

Бишкекте “Токио чейин/кийин” сүрөт көргөзмөсү ачылат

Гапар Айтиев атындагы Көркөм сүрөт өнөр музейинди 17-сентябрда "Токио чейин/кийин" сүрөт көргөзмөсү ачылат. Башталышы саат 11:30да. Бул тууралуу Япониянын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти. Аталган көргөзмөдө Жапон фондунун коллекциясындагы белгилүү жапон фотосүрөтчүлөрүнүн 80ге жакын эмгектери коюлуп, алар Токионун өткөн жана азыркы доорун, өзгөчө 1930-1940-жылдардагы Токиону жана 2010-жылдан кийинки Токиону тааныштырышат.Көргөзмө кыргызстандыктарга Токиону эки...

Мамлекеттик тилдин үч айлыгын жарыялады

Буйрукка ылайык, менчигинин түрүнө карабастан республиканын бардык билим берүү уюмдарында 2024-жылдын 10-сентябрынан 10-декабрына чейин мамлекеттик тилдин үч айлыгы жарыяланып, 23-сентябрь - Мамлекеттик тил күнү бардык билим берүү уюмдарында салтанаттуу белгиленет.Мындан сырткары билим берүү уюмдарынын (мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү) жетекчилери мамлекеттик...

Садыр Жапаров кыргызстандыктарды тазалыкты жана тартипти сактоого чакырды

Президент Садыр Жапаров администрациянын, мамлекет башчысынын Иш башкармалыгынын жетекчилиги жана кызматкерлери менен биргеликте бүгүн, 14-сентябрда, «Теплые ключи» дарылоо-ден соолукту чыңдоо комплексинин аймагында Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнүн алкагында ишембилик өткөрдү.Ишембиликтин катышуучулары анын аймагын тазалап, көрктөндүрүү иштерин жүргүзүштү.Садыр Жапаров кызматкерлери менен баарлашып, ар бир кыргызстандыкты тазалыкты жана тартипти сактоого чакырды.«Өлкөбүзгө көбүрөөк туристтерди...

Бишкек мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду

Бишкек шаарынын  мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду.Достукбек Ободоев 2024-жылдын 13-сентябрынан тартып "Бишкекууканал" муниципалдык ишканасынын жетекчиси болуп дайындалды.Ал эми чыңгыз Жумалиев берген арызынын негизинде аталган ишканананын жетекчиси кызматынан бошотулду.   

Кыргызстанда Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата республикалык ишембилик өтүп жатат

Негизги максат – таштандыларды сорттоо жана келечек муундар үчүн экологиялык таза жашоонун маанилүүлүгүнө көңүл буруу.Ал эми 21-сентябрда, айдын үчүнчү ишембисинде Кыргызстан «Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү» эл аралык экологиялык акциясына кошулат. Бул күнү дүйнөнүн 190дон ашуун өлкөсүнөн миллиондогон адамдар планетаны таштандыдан тазалоо үчүн биригишет. Кыргызстанда эко-акция «Эко Деминин» колдоосу менен өтүп,...

error: